ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ ТУРУКТАШСА, ОКТЯБРДА МЕКТЕПТЕРДЕ РЕАЛДУУ ОКУУ БАШТАЛАТ

  • 15.09.2020
  • 0

Президент Сооронбай Жээнбеков  15-сентябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен онлайн кеңешме өткөрдү.

 

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ ТУРУКТАШСА, ОКТЯБРДА МЕКТЕПТЕРДЕ РЕАЛДУУ ОКУУ БАШТАЛАТ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Билим берүү системасын өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечеги, аны санариптештирүү боюнча чаралар талкууланды.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 2020-2040-жылдарга карата Билим берүү системасын өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыккандыгын маалымдады. Аталган долбоор коомдук талкууга коюлуп, учурда Өкмөттүн кароосунда турат.

Билим берүү чөйрөсүн санариптештирүүнүн алкагында билим берүүнүн бардык деңгээлин өзүнө камтыган билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы иштелип чыкканын билдирди. Бүгүнкү күндө бул системада 1,5 млн окуучунун, окутуучулар жана тарбиячылар, жалпысы 15 миңге жакын адамдын маалыматтары күн сайын электрондук базага киргизилип турат. Бул иштер 1-декабрга карата жыйынтыкталат жана маалыматтар базасы «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү электрондук системасы менен интеграцияланат. Ошондой эле маалыматтардын электрондук базасына окуу мекемелеринин инфратүзүмү — окуу корпустары, имараттар, жатаканалар жана башкалар тууралуу дагы маалыматтар кошулууда.

Каныбек Исаков адам факторун жана коррупциялык тобокелдиктерди жок кылуу максатында мугалимдердин айлык акыларын берүү системасы автоматташтырылганын билдирди. Бул салыктык төлөмдөрдү эсептөөдөгү катачылыктарды жоюуга жана коррупциялык тобокелдиктерден кутулууга мүмкүндүк берди.

Ошондой эле абитуриенттерди кабыл алуу онлайн форматта өткөнүн, жыйынтыгында ар бир абитуриенттин каалаган окуу жайына аралыктан тапшыруу мүмкүнчүлүгү болгонун маалымдады. Бул жаңы эреже коррупциялык элементтерди жоюп, абитуриенттердин ата-энелерин келип-кетүү, шаарга калып калуу сыяктуу кошумча чыгымдардан арылтты.

Министр 17-сентябрда ЖОЖ ректорлору үчүн Ош мамлекеттик университетинин базасында билим берүү системасына санарип ыкмаларды киргизүү боюнча практикалык семинар боло тургандыгын кошумчалады.

Муну менен катар Каныбек Исаков чет элдик ЖОЖдорго окууга тандоо дагы ачык-айкын жүргүзүлгөнүн, бардык экзамендер ачык өткөнүн, ата-энелер тарабынан нааразычылыктар болбогонун билдирди. Жыйынтыгында Венгрия ЖОЖдоруна 75, Беларуска 10, Казакстанга 5, Кытайга 70 жана Латвияга 5 студент өткөн.

Китептерди чыгаруу процесси дагы жолго коюлган, тиешелүү жобо иштелип чыгып, бул багыттагы иштер системалаштырылган.

Андан сырткары, коронавирус инфекциясы пандемиясына карабастан, мектептерди бюджеттик каражатка куруу иштери токтоп калган жок. 1-сентябрга карата 14 мектеп пайдаланууга берилди. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин авариялык абалдагы 21 мектептин оңдоп-түзөө иштери аяктап, алар дагы иштеп башташат. Мындан сырткары, дагы 13 мектеп ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет, жылдын аягына чейин коррупцияга каршы күрөштүн каражаттарынан топтолгон Бирдиктүү депозиттик эсептен каржыланып жаткан 15 мектептин үчөө курулуп бүтөт.

Муну менен катар өлкөнүн бардык мектептерин интернет менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Эгерде өткөн жылы 1485 (1-4-класстар) мектеп ысык тамак менен камсыздалган болсо, быйыл ага дагы 150 кошулду. Бардыгы болуп бүгүнкү күндө 1635 мектеп же 71 пайызы ысык тамак менен камсыз болушту. 2022-жылга чейин аны 100 пайызга чейин чыгаруу пландалууда. Айрым алыскы аймактардагы мектептерди толук ысык тамак менен камсыздоо үчүн таза суу талап кылынарын жана калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу долбоорлорунун ишке кириши менен мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыздоо маселеси дагы чечилерин Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков баса белгиледи.

Онлайн кеңешменин жүрүшүндө министр эпидемиологиялык кырдаал турукташса октябрь айынан тартып мектептерде салттуу негизде билим берүүнү жандандыруу пландаштырылып жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү системасындагы, тагыраак айтканда, санариптештирүүдөгү жакшы өзгөрүүлөрдү канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы дүйнөнүн бардык өнүккөн өлкөлөрү билим берүү чөйрөсүнө алдыңкы санарип технологияларын активдүү киргизип жаткандыгын, ошондуктан аларды мындан ары өнүктүрүү жана иш жүзүндө колдонуу зарылдыгын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков бул багыттагы иш-чаралардын аткарылышын токтотууга болбой тургандыгын кошумчалады.

Ал ошондой эле мугалимдердин айлык маянасын которуу процессин автоматташтыруу ишине оң баасын берди. Бул өз кезегинде «өлүү жандарды» жокко чыгарып, бюджеттик каражаттарды кыйла үнөмдөйт.

Ал өлкөдөгү бардык мектептерди мугалимдердин айлык акысын төлөөдө коррупциялык схемалардын бары-жогун текшерүүгө чакырды.

Мындан сырткары, жогорку окуу жайларынын ишинде билим берүү ыкмаларын өркүндөтүүгө, алардын ишмердүүлүгүн жаңылоо жаатына көңүл бурууга чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы аралыкта салттуу тартипте билим берүү процессин жандандыруу сунушун колдоп, аны баштапкы класстардан этап-этабы менен баштоону сунуштады.

Бөлүшүү

Комментарийлер