ЭОК ПРЕЗИДЕНТИ МЕНЕН УОК ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖОЛУКТУ

  • 08.04.2025
  • 0

7-апрелде Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин  (УОК) президенти  Үмбөталы Кыдыралиев   жана УОКтун биринчи вице-президенти  Садыр Мамытов   Швейцария өлкөсүндөгү Лозанна шаарындагы Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК)  штаб-квартирасында болушуп, ЭОК президенти Томас Бах мырза менен расмий жолугушту.

ЭОК ПРЕЗИДЕНТИ МЕНЕН УОК ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖОЛУКТУЭОК президенти Умбеталы Кыдыралиевге Кыргызстандагы олимпиадалык кыймылдын өнүгүшүнө жана өлкөнүн Париждеги Олимпиаданын жалпы ийгилигине кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Томас Бах  белгилегендей, катышуучулардын саны жана алган медалдарын сапаты боюнча Кыргыз Республикасы олимпиадалык рейтингде татыктуу алдыңкы орунда турат.

ЭОК ПРЕЗИДЕНТИ МЕНЕН УОК ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖОЛУКТУҮмбөталы Кыдыралиев  өз сөзүндө Томас Бах мырзага Олимпиадалык тилектештик программаларынын алкагында Кыргызстандын  УОКуна колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип,  УОК Олимпиадалык тилектештиктин бардык программаларын өздөштүргөнүн маалымдады.  Бул долбоорлордо  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана өнөктөштөр менен бирдикте өлкөдө олимпиадалык кыймылды өнүктүрүүдө  бардык олимпиадалык спорт түрлөрү камтылды.

Тараптар ошондой эле жаңы олимпиадалык цикл боюнча Олимпиадалык тилектештиктин программаларынын актуалдуу маселелерин жана  2028-жылкы Лос-Анжелесте өтө турган жайкы оюндардын программасына киргизилген спорттун маселелерин талкуулашты. Ошондой эле олимпиада оюндардагы  бокстун актуалдуулугу тууралуу да пикир алышуулар болду.

ЭОК ПРЕЗИДЕНТИ МЕНЕН УОК ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖОЛУКТУРасмий жолугушуунун  соңунда ЭОК президенти Томас Бах  Үмбөталы Кыдыралиевге Париж олимпиадасынан  эстелик алтын медалын тапшырып, алдыдагы олимпиадалык мелдештерде Кыргыз Республикасынын спортчуларына ийгиликтерди, жеңиштерди каалады.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер