ЭНЕРГЕТИКТЕР КҮНҮ ОШТУДА БЕЛГИЛЕНДИ

  • 23.12.2022

Ош техникалык университетинин энергетика факультетинде эмгектенген жалпы жамааты менен  билим алып жатышкан студенттер биргеликте 23-декабрь энергетиктердин кесиптик майрамын салтанаттуу иш-чаранын коштоосунда белгиледи.

ЭНЕРГЕТИКТЕР КҮНҮ ОШТУДА БЕЛГИЛЕНДИ

Окуу жайдын ректору Ж. Ж. Турсунбаев жалпы факультеттин жамаатын жана студенттерин  кесиптик майрамы менен куттуктап, энергетиктердин коомдо орду өзгөчө экендигин баса белгиледи. Университеттин жана факультеттин коомдук иштеринде активдүү катышкан, окууда мыкты ийгиликтерди жараткан студенттерге, окутуучуларга университет жана факультет жетекчилиги тарабынан Ардак грамоталар тапшырылды. Ошондой эле өндүрүш менен тыгыз байланышып, эки тараптуу кызматташууга салым кошкон факультеттин окутуучулары дагы тиешелүү өндүрүштүк ишканалардын Ардак грамоталарына ээ болду.

Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”

 

Бөлүшүү