ЭНЕРГЕТИКАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ОШТУНУН ОРДУ ЧОҢ

  • 25.12.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Энергетиктер күнүнө карата “КРнын энергетика тармагынын өнүгүүсүндөгү ОшТУнун орду” деген темада илимий семинар өткөрүлдү. Иш-чараны энергетика факультетинин деканы Маматөмүр Токоев ачты. 

ЭНЕРГЕТИКАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ОШТУНУН ОРДУ ЧОҢ

Семинарга окуу жайдын жетекчилиги, КРнын “Электр станциялары” ААКнын техникалык директору Р.Турганбаев, Ош шаарындагы “Алтын-Буш” ЖЧИнын башкы энергетиги Ж.Ожорбаев, факультеттин жамааты жана студенттер катышты.

Аталган иш-чарада ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев окуу жайдагы энергетика багытында жасалып жаткан иш аракеттер жана келечектеги аткарыла турган иш-аракеттер боюнча айтып өттү.

ЭНЕРГЕТИКАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮДӨ ОШТУНУН ОРДУ ЧОҢ

Илимий семинар энергетика тармагында эмгектенген жумуш берүүчүлөр менен ОшТУда даярдалып жаткан жогорку квалификациялуу адистердин байланышын күчөтүү максатында уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө электр жабдыктарынын монтаждоо технологиясы сабагы боюнча жаңы окуу лабораториясынын ачылуу аземи болду. Электр менен жабдуу кафедрасынын башчысы Нургазы Ташиев бул лаборатория кафедранын окутуучулары тарабынан жасалып ишке берилгендигин жана керектүү жабдуулар менен жабдылганын айтып, лаборатория менен тааныштырып өттү.

Бөлүшүү

Комментарийлер