ЭНЕЛЕРДИН МАДАНИЯТЫ, ИНСАНДЫК САПАТЫ БАЛДАРДЫН ТАРБИЯСЫ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ
- 17.10.2024
- 0
Чүй -Токмок билим берүү бөлүмүндө «Ата-энелер мектеби» программасынын иши улантылууда. 2024-жылдын 16-октябрында «Энелердин маданияты, инсандык сапаты балдардын тарбиясы үчүн маанилүү » деген темадагы семинар Чүй айылындагы «Бакыт»бала бакчасында ата-энелердин катышуусунда болуп өттү.
Маалыматка ылайык, семинарга 22 бала бакчанын «Ата-энелер мектеби» боюнча координаторлору катышты. Жаңы окуу жылындагы каралуучу маселелер талкууланып, өтүлө турган семинарлар боюнча ой-пикирлер сунушталды. Ал эми бүгүнкү семинарга катышып, өтүлгөн темага карата таасирленген энелер бир добуштан «Энелер мектеби» балдарын тарбиялоодо өтө пайдалуу кеңештерди берип жаткандыгын, бул багыттагы окуулар ата-энелер үчүн керек экендигин бир ооздон белгилешти.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер