ЭНЕЛЕР ӨНҮКСӨ — ӨЛКӨ ӨНҮГӨТ

  • 13.02.2023
  • 0

Лейлек айыл өкмөтүнө караштуу «Лейлек» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде «Энелер мектебинин» семинардык иш-чарасы болуп өттү.

ЭНЕЛЕР ӨНҮКСӨ - ӨЛКӨ ӨНҮГӨТ

Семинардык окуу сабакка Лейлек айыл өкмөтүнө караштуу бакчалардын жетекчилери, айыл башчысы, аялдар кеңешинин төрайымы, тарбиячылар жана энелер катышты. Семинардык сабакта «Энелер мектебинин» окутуу боюнча тренер-мугалими Жамила Акматова коомдук аң-сезимди өнүктүрүүдө, балдарды татыктуу тарбиялап, билим сапатын да жогору болушунда ата-энелердин окуусу, өзүн-өзү өнүктүрүүсү өтө маанилүү талап экендиги тууралуу кеп кылып, практикалык окуу сабагын өттү. Сабакта атайын практикалык көндүмдөр аткарылып, энелер сабакта алган билимдерин бышыктоо аркылуу АЭМ усулу боюнча АЖППОК схемасы менен иштөөнү дагы үйрөнүштү.

Иш-чаранын катышуучулары сабак абдан маанилүү, пайдалуу болгондугун айтып, «Энелер мектебинин» негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов агайга терең ыраазычылык айтышты.

—          Буюрса, бул бакча «Энелер мектебинин» окуусун системалуу түрдө жолго коюп, келечекте чоң-чоң ийгиликтерге жетишебиз деген аруу тилек, бийик максаттарды ишке ашыруу ниеттерин билдиришти. Бакчанын демилгелүү, жигердүү жетекчиси Кымызай эжекеге, тарбиячыларга, балдарынын келечеги үчүн кайдыгер болбогон аракетчил энелерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз. Ылайым, жерибиз тынч, элибиз аман, балдарыбыз келечектүү болсун! Биздин мыкты насаатчы Назипат Сатыкуловна эжекенин демилгеси менен уюштурулган «Энелер мектебинин» балдар бакчалары үчүн билим кербени алдыда көп жакшы иштерди улантат, буюрса, — дейт «Энелер мектебинин» Баткен облусу боюнча координатору, Лейлек районуна караштуу Дастанбек Бердиев атындагы мектеп мекемесинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Жамила Акматова.

  ЧЕК АРАГА ЧЕП БОЛГОН КААРМАН ЭНЕЛЕР

 “Энелер мектебинин” билим кербени Лейлек районунун чек ара чектешкен Ак-Босого ( Мурза-Патча ) айылында да болду.

—          Бул жолку семинардык иш-чарабыз бир аз башкача сезим менен өтүлдү. Анткени чек аранын кылда учунда, көчөнүн аркы бети тажиктер, берки бети кыргыздар жашаган айылда болдум. Жүздөрүнөн кадыресе кайраттуулук байкалган энелер келечектин баатыр, мекенчил уул-кыздары тарбиялап жатканынан шегим жок. «Агартуу» балдар бакчасында өтүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар «Энелер мектебинин» бүгүнкү күн жана келечектин кенен болушу үчүн маанилүү окуу экенин тастыкташты. «Энелер мектебинин» негиздөөчүсү Гапыр Мадаминовдун иш тажрыйбасы, эмгектери боюнча тарбиячылар тарабынан уюштурулган атайын бурчтагы материалдар менен таанышуу дагы энелер үчүн абдан кызыктуу болду. Чеп болуп турган чек арабыз бекем, элибиз аман, жерибиз тынч болсун! – дейт координатор.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер