ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ – ТААСИРДҮҮ ТАРБИЯНЫН АЧКЫЧЫ

  • 01.05.2019
  • 0

«Энелер мектеби- окуу тарбия процессинде ийгиликтин ачкычы» деген темада  Майлуу-Суу шаарындагы №8 жалпы билим берүү орто мектебинде семинар болуп өттү.

ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ – ТААСИРДҮҮ ТАРБИЯНЫН АЧКЫЧЫ

 

Семинарга №8 жалпы билим берүү орто мектебинде окуган окуучулардын энелери, аялдар комитетинин төрайымы  М.К.Умарова, Майлуу- Суу шаардык социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси З.А.Мамутова , шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Р.Ж. Акамбаева, шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Төлөгөн уулу Ш., шаардык мектептердин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары, уюштуруучулар, соцпедагогдор катышты.

ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ – ТААСИРДҮҮ ТАРБИЯНЫН АЧКЫЧЫ

Семинардын ачылышында мектеп мүдүрү А.К. Мамырбаева тарабынан “ Энелер мектебинин” максаты түшүндүрүлдү. Мектепте “Акпейил” Энелер мектеби түзүлүп, төрайымы С.И. Айдарова жана анын мүчөлөрү тарабынан иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Семинарда энелер, окуучулар, мугалимдер жамааты менен биргеликте мастер класстар өткөрүлүп, энелер мектепке жакын болсо, тарбия жакшы болорун, тарбиянын башаты эне экени, энелер мектебин жандандыруу, энелерди мектепке тартуу, балдардын билимге болгон кызыгуусуна энелердин салым  кошуусу, энелердин өз балдарынын эмнеге кызыкканын аныктоо, балдардын келечектеги кесип тандоосуна жардам берүү,  мектеп турмушундагы көйгөйлөрдү өз көздөрү менен көрүп туюп сезүү, азыркы кылымдын ааламдаштыруу заманында ар бир инсанды ар тараптан  өнүккөн, ой-жүгүртүүсү  күчтүү, акыл- эстүү, сабырдуулукка, эмгекти сүйүүгө, мекенчилдикке тарбиялоо жагы көрсөтүлдү.

Семинардын жүрүшүндө 1-4- класстардын окуучулары жана энелери менен бирдикте  “Бирге окуйбуз, шар окуйбуз” деген программалардын негизинде башталгыч класс мугалимдери Г.А.Ахмадалиева, Г.Т. Таирбекова жана Э.П. Парпибаева мастер класс өтүштү.

ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ – ТААСИРДҮҮ ТАРБИЯНЫН АЧКЫЧЫ

5-6-7- класстардын окуучулары жана энелери менен “ Манас таануу” курсу боюнча кыргыз тили жана адабият мугалими Т.И.Рахманкулованын жетекчилиги астында сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлдү. Кош тилдүүлүк программасы камтылган чет тилдерин үйрөнүүдө орус тили жана адабияты мугалими М.Ж. Абдуллаева жана англис тили мугалими Н.Н. Алчынбаева китептин орду жана маанисине көнүл буруу менен, энелер жана окуучулар тарабынан  жасалган китептердин топтомдору презентацияланды. Технология предметинин мугалими А.М. Бирюбаеванын жетекчилиги астында окуучулардын окуган адабий китептериндеги чыгармалардын каармандарынын сүрөттөрү сайма бетине түшүрүлүп, энелер менен бирдикте көрсөтүлдү.

“ Бакубат үй-бүлө- мамлекеттин тиреги” , “ Баланы туура тамактандыруу” деген темаларда 8-9-10- класстардын окуучулары жана энелери менен чогуу тарых мугалими Д.Ш.Усенбекова жана биология мугалими У. Сиябекова тарабынан мастер класс өткөрүлүп, практикалык иштер көрсөтүлдү.

ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ – ТААСИРДҮҮ ТАРБИЯНЫН АЧКЫЧЫ

Ошондой эле музыка мугалими Э.М. Маматназаров жетекчилиги астында “ Поэзия ыргактары” деген аталышта энелерге арналган көркөм окуулар жана обондуу ырлар ырдалды.

Энелер өз ой пикирлерин ортого салуу менен баланы ар тараптуу өнүктүрүүдө, таланттарын, жөндөмдүүлүктөрүн ачууда мектеп менен биргеликте иш алып барылса, чоң жетишкендиктерге жана ийгиликтерге жол ачылаарын баса белгилешти.

Майлуу- Суу шаардык аялдар комитетинин төрайымы М.К.Умарова жана ШБББнүн башкы адиси Р.Ж. Акамбаева жана башка коноктор семинарды жыйынтыктоодо мектепте өтүлгөн иш чара боюнча тажрыйбаны алмашып, башка мектептерге жайылтуу менен “Энелер мектебин” ачуу жагын сунушташып, семинар пайдалуу да, жагымдуу да болгонун айтып өтүштү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер