«ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ» САРЫ-ӨЗӨН-ЧҮЙДӨ КУЛАЧ ЖАЙДЫ

  • 11.11.2021
  • 0

9-ноябрда Чуй районуна караштуу Садовое айылынын Иса Үкүев атындагы орто мектебинде устат мугалим Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектеби»  табылгасын окуп-үйрөнүү боюнча пайдалуу семинар болуп өттү.

"ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ" САРЫ-ӨЗӨН-ЧҮЙДӨ КУЛАЧ ЖАЙДЫ

Бул семинардын ишине Гапыр Мадаминовдун кызы Гулсара Мадаминова катышты.

Иш-чаранын демилгечиси, мектеп директору Мамбетова Замира өз сөзүндө жер-жерлерде «Энелер мектеби» Кыргыз Республикасынын эмгек синирген мугалими, эл уулу, Баткен областынын Лейлек районундагы № 3 эксперименталдык гимназиясынын жетекчиси, «Кылым залкары» сыйлыгынын ээси Гапыр Мадаминовдун табылгаларынын негизинде ачылып жатканын белгиледи.

"ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ" САРЫ-ӨЗӨН-ЧҮЙДӨ КУЛАЧ ЖАЙДЫ

Семинарга айыл тургундары: ата-энелер, мугалимдер жамааты, окуучулар, ошондой эле улуу устатыбыздын шакирттери — «Энелер мектебинин» координаторлору: Сарбашова Д.М, Жыргалбек уулу Эрлан, Бекташева З.А. катышты.

"ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ" САРЫ-ӨЗӨН-ЧҮЙДӨ КУЛАЧ ЖАЙДЫ

Устаттын шакирттери агайдын жазган китептеринин мазмуну, эксперименталдык гимназиянын кызыктуу тарыхы, гимназиянын сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, азыркы окуучуларынын адам суктанарлык ийгиликтери, мугалим, ата-эне, мектеп байланышы, тарбиядагы китептин орду, үй-бүлөдө баланы тарбиялоонун алгылыктуу ыкмалары, «Энелер мектебинин» автордук программасы, анын максаты, түзүлүшү, мазмуну, багыттары тууралуу кенен айтып беришти.

"ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ" САРЫ-ӨЗӨН-ЧҮЙДӨ КУЛАЧ ЖАЙДЫ

«Энелер мектебинин» мүчөлөрү жогорку класстын окуучуларына өзүнчө кызыктуу семинар өтүштү.

"ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ" САРЫ-ӨЗӨН-ЧҮЙДӨ КУЛАЧ ЖАЙДЫ

Ата-энелер өз сөздөрүндө Мадаминов Гапыр агайдын өзүн көрүп, сүйлөшүп, пикир алууну тилек кылышканын айтышып, келген конокторго, мектеп жетекчилерине, мугалимдерге ыраазычылыктарын билдиришти. Аксакалдар ак тилектен ак баталарын беришти.

Карачева Ырыс, Чүй районундагы Иса Үкүев атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер