«ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ» КАРЖЫЛАНДЫ

  • 24.11.2022
  • 0

Талас облусунун Кара-Буура районунда «Энелер мектеби»  үчүн атайын 1444000 сом каржы бөлүндү.

"ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ" КАРЖЫЛАНДЫ

Талас билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Салтанат Бейшенованын маалыматына таянсак, Кара-Буура айыл өкмөтү Евразия жана Алерт эл аралык коомдук фонду тарабынан «пилоттук айыл өкмөтү» деп табылып, «Ынтымактуу жашоо» долбоору менен бир жыл демилгелүү кыз-келиндер, депутат айымдар окууга тартылып, окуп-үйрөнүп долбоор жазууга мүмкүнчүлүк алышты.

— Бир нече долбоор жазылып, алардын ичинен «Энелер мектеби» долбоору жеңүүчү деп табылды. Каржылоо 144000 сом болду. Анда бир ноутбук, эки китеп текчелүү шкаф, үч стол, бир стул, бир интерактивдүү доска, бир түрлүү түстүү ксерокс, принтери менен сатылып тендер боюнча орнотулду. Ремонту жок кабинет айыл өкмөтү тарабынан ремонттолуп берилди. Өздүк салымга айыл өкмөтү тарабынан каржыланды. Энелер мектебинде отуздан ашык демилгелүү, ар кыл кесип ээлери болгон энелер бар. «Кара-Буура айымдары» коомдук фондунун атынан жазылган жетекчиси Асылбекова Канышай, “КРнын Эмгек сиңирген мугалими”, соцпедагог Султанова Айжамал, Салкын Карбозова долбоорго жазуу, идея сунуштарын киргизишкен. «Энелер мектеби» иш бөлмөсүндө бала тарбиялоого арналган эң жакшы темалар өтүлүп, коомго өз салымдарын кошо беришет демекчимин, — дейт С.Бейшенова.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер