ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ” ЧҮЙДӨ КОЛДОО ТАПТЫ

  • 30.04.2022
  • 0

Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектеби» Чүй районунда алгачкылардан болуп Садовое айылынын Иса Үкүев атындагы орто мектебинде ачылган.

Алгач мектеп жамааты Гүлсара Мадаминованын эки айлык онлайн курсунан билим алды. Анан «Устаттык өнөрү», «Акыл эмгегинин маданияты» китептеринин негизинде башка мектептерге семинар-тренингдерди өтүштү. Мектептеги класс жетекчилер жапырт «Энелер мектебинин” программасы боюнча ата-энелер менен биргеликте семинар-сабактарды өтүп келишүүдө. Мектепте АЭМчи балдардын топтору түзүлгөн.

— Мугалимдерибиз устаттын китептеринен үйрөнгөн усулдарын сабактарында колдонуп келишүүдө, — дейт мектеп директору Замира Мырзабековна.

Баса мектептеги иштин жыйынтыгы боюнча биздин директор райондо жуманын мыктысы деп табылып, “Алтын жылдыз” белгисинин ээси болду.

Ырыс КАРАЧЕВА, Чүй району

Бөлүшүү

Комментарийлер