ЭНЕЛЕР — БУЛ ЖАШООНУН СУЛУУЛАРЫ!

  • 16.05.2020
  • 0
ЭНЕЛЕР — БУЛ ЖАШООНУН СУЛУУЛАРЫ!

Каракөлдүк агартуучулар Энелер күнү менен ак жоолукчан апаларды, ак элечекчен энелерди куттукташты.

ЭНЕЛЕР - БУЛ ЖАШООНУН СУЛУУЛАРЫ!

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн чакан жамааты бардык энелерди Энелер күнү менен куттуктап, ар бирине узун өмүр, чың ден соолук каалашты. Майрамдын маанайыбы же энелердин улуулугубу, айтор жүрөктөн чыккан сөздөр өзүнөн-өзү кереметтүү ыр саптарына айланды.

ЭНЕЛЕР - БУЛ ЖАШООНУН СУЛУУЛАРЫ!

Алымкан Мырзалиева, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты:

Чачымды тарасам да, тарабасам,
Күзгүгө карасам да, карабасам.
Бир гана апам мени танып кетпейт,
Бир гана апам мени таштап кетпейт.
Бир гана апам мени сүйүп турат,
Бир гана апам мага күлүп турат.

ЭНЕЛЕР - БУЛ ЖАШООНУН СУЛУУЛАРЫ!

ЭНЕЛЕР - БУЛ ЖАШООНУН СУЛУУЛАРЫ!

Зарема Бейшембиева, ШБББнүн башкы эсепчиси:

Жайбы-кышпы жайлоо жыттуу илеби,
Баласында бардык ою, тилеги.
Билбей жүрөм, кандай заттан бүттү экен?
Бизди тууган энелердин жүрөгү.

ЭНЕЛЕР - БУЛ ЖАШООНУН СУЛУУЛАРЫ!

Таенем акыл чырагым,

Таенем өмүр булагым.

Таенем даркан сырларым,

Таенем урмат кыларым.

ЭНЕЛЕР - БУЛ ЖАШООНУН СУЛУУЛАРЫ!

Венера Исмаилова, ШБББнүн жетектөөчү адиси:

Эне болот үй-бүлөдө нурун чачкан,

Эне болот жарыктыкта сени тапкан.
Эне болот бөпөлөтүп мээрим төгүп,
Эне болот ак бешикке бөлөп баккан.
Эненин асылдыгын дайым билгин,
«Жетишээр» деп даңазалап тим койбостон,
Кулча иштеп, ак сүтүн актай билгин.

ЭНЕЛЕР - БУЛ ЖАШООНУН СУЛУУЛАРЫ!

Изат Молдомусаева, билим берүү бөлүмүнүн усулчусу (ортодо):

Үйүбүздүн кутусуң,
Кубанычым, апакем!
Эч нерсеге теңегис,
Асылымсың, апакем!

ЭНЕЛЕР - БУЛ ЖАШООНУН СУЛУУЛАРЫ!

Алыста жүрөт неберең,
Унутпай сизди ар дайым.
Таенем менин таалайым,
Узун өмүр каалаймын!

ЭНЕЛЕР - БУЛ ЖАШООНУН СУЛУУЛАРЫ!

Айгүл Каракозуева, усулдук кабинеттин башчысы:

Жашайт энелер,
Балдарын ойлоп.
Чебелектеп балдарын,
Баарынан коргоп.
Жашасын, апалар!
Баланын бактысына.
Апа бар дүйнөдө,
Жашоо башкача!

ЭНЕЛЕР - БУЛ ЖАШООНУН СУЛУУЛАРЫ!

Энелер жашоонун жаратманы,
Энелер акыл-эстин санаттары.
Энелер ыйыктыгын даңктабаса,
Акындын жазылбастыр барактары.

ЭНЕЛЕР - БУЛ ЖАШООНУН СУЛУУЛАРЫ!

Кыргызбай кызы Гульназира, ШБББнүн башкы адиси:

Сиз барда аалам бүтүн, дүйнө бүтүн.
Арнаган уулу үчүн бардык күчүн.
Апакем, дайым сизге ыраазымын,
Анткени биз барбыз, сиз бар үчүн!

ЭНЕЛЕР - БУЛ ЖАШООНУН СУЛУУЛАРЫ!

Айзада Исабекова, ШБББнүн усулчусу:

Энелерди күнгө теңейм, айга теңейм,
Энемди жыпар жыттуу гүлгө теңейм.
Энелер чалкып турган мухит сымал,
Өйдө-ылдый чайпалбаган оңой менен!

ЭНЕЛЕР - БУЛ ЖАШООНУН СУЛУУЛАРЫ!

(Айгүл Каракозуева кыздары менен)

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер