ЭНЕ ТИЛИН САКТООГО САЛЫМ КОШКОНДОР

  • 25.02.2023
  • 0

БУУнун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде 1999-жылдан бери белгиленип келаткан 21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө карата Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу максатында жарыяланган бир айлыкка Сокулук районундагы бала бакчалар жана мектептер жигердүү катышты.

Райондогу мектепке чейинки мекемелер жана мектептер арасында “Эне тилди барктайлы” темасында шайыр тапкычтар клубу уюштурулуп, ушул эле теманы камтыган тарбиялык сааттар жана көркөм окуу сынактары уюштурулду.

Эки этап менен өткөн көркөм окуу сынагына 9-10-11-класстын окуучулары катышты. Сынактын шарты боюнча онлайн катышкан окуучулар үч мүнөттүк көркөм окуу боюнча видео тартып уюштуруучуларга жөнөтүшкөн. Ал эми экинчи этабында көркөм окууда тандалып алынган окуучулар Сокулук районундагы Гавриловка орто мектебинде “Эне тилди сактоо үчүн кошкон салымым” аттуу дилбаян жазышкан.

Сынакка жалпысынан 40тан ашык окуучу катышты. Жыйынтыгында баш байге М.Жангазиев атындагы Сокулук №4 орто мектебинин 11-“а” классынын окуучусу Гүлдана Мукашевага (мугалими Алтын Орозалиева) ыйгарылды. Гүлдана өзүнүн калемине таандык ырды көркөм окуп бергенден тышкары, дилбаян жазуудагы жөндөмү калыстар тобунун көз жаздымында калган жок.

ЭНЕ ТИЛИН САКТООГО САЛЫМ КОШКОНДОР

Ал эми 1-орун тең балл топтогон Фрунзе атындагы №1 мектеп-лицейинин 11-классынын окуучусу Турдубек кызы Жазгүл менен Новопавловка гимназия орто мектебинин 11-класынын окуучусу Жыпара Сейталиевага тең бөлүштүрүлдү. 2-орунга Шопоков шаарындагы ЭЭМЛнин 10-в классынын окуучусу Зарина Кадырбекова озуп чыкса, 3-орун Военно-Антоновка мектеп-гимназиясынын 9-“б” классынын окуучусу Ибадат Баситова менен Ч.Айтматов атындагы ИОТКЛнин 9-классынын окуучусу Адил Мамбеталиевге тең тийди.

ЭНЕ ТИЛИН САКТООГО САЛЫМ КОШКОНДОР

Ал эми бала бакчалар арасында өткөрүлгөн “Эне тилди даңазалайлы, сактайлы!” аттуу көркөм окуу видео сынагына мектепке даярдоо тайпасынын 5-6 жаштагы балдары бир мүнөттүк көркөм окууга катышкан. Сынактын натыйжасында биринчи байгелүү орун Кант апа атындагы «Мээрим» бала бакчасына, экинчи орун — Новопавловка бала бакчасына жана үчүнчү орун – Д.Шопоков атындагы Ак-Тилек балдар бакчасына ыйгарылды.

ЭНЕ ТИЛИН САКТООГО САЛЫМ КОШКОНДОР

Жеңүүчүлөр Сокулук райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Алина Качкынбаева тарабынан уюштурулган сыйлыктар менен сыйланышты. Кызыктыруучу сыйлыктарды жана сыйлоо баракчаларын Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаева тапшырып, жигердүү катышкандардын баарына ыраазычылык билдирди.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер