ЭНЕ ТИЛИМ — КЫМБАТЫМ!

  • 23.09.2020
  • 0

23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата Кочкор-Ата колледжинин директору Эктибар Молдокеримова кесиптештерди онлайн режиминде өзүнүн жазган ыры менен куттуктады.

— Кыргыз тили Манас атабыздын доорунда эл аралык тил болгонун, кыргыз тилди ичээр сууга, көрөөр күнгө теңеп, даңазалагандыгы үчүн кыргыз элинин чыгаан, мекенчил уулу Касым Тыныстанов улутчул аталып, атылганын тарыхтан билебиз.

Европалыктар «калемдин падышасы» деп атаган Чыңгыз Айтматов дагы чыгармалары аркылуу кыргыз тилин дүйнөгө таанытты. Ошондуктан кыргыз элинин тилин мындан ары да байытып, өнүктүрүп, жайылтып, урпактарыбызга өткөрүп берүү биздин парзыбыз дагы, карызыбыз дагы, — дейт жетекчи.

1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган Мамлекеттик тил күнүнө арнап, Э.Молдокеримова ал ошол эле күнү студенттик, жаштык жалын менен «Эне тилим!!!» деген ырын жазган экен.

Г.А., «КБ»

ЭНЕ ТИЛИМ!!!

Эне тилим, эне сүтүм, кымбатым,

Эзелтеден элге кызмат кыласың.

Эне тилим, коргогонго негиз жок,

Колдонууга муктаж болуп турасың…

Эне тилге күйгөндөрдү жоктойлу,

Эне тилди сүйгөндөрдү жолдойлу.

Эне тилди ургандарды соттойлу,

Эне тилде сүйлөтөлү досторду…

Бабалардан мурас тилим, жаным сага,

Аталардын кыйбас тили, каным сага.

Учурдагы кымбат тилим, наным сага,

Келечекке ынак тилим, баарым сага!

Э.Молдокеримова, Ош шаары

1989-жыл, 23-сентябрь

Бөлүшүү

Комментарийлер