ЭНЕ ТИЛИ – ЭНЕ СҮТҮНДӨЙ

  • 25.02.2020
  • 0

Кемин районундагы бир катар мектептерде өткөн ачык сабактар Эл аралык эне тили күнүнө арналды.

Орловка шаарындагы Г.Кудряшов атындагы Орловка №1 орто мектебиндеги ачык сабактар «Тил — бул элдин тарыхы”, “Тил — бул цивилизация менен маданияттын жолу” деп аталып, анын жыйынтыгында А.Казакбаев атындагы Чым-Коргон орто мектебиндеги «Эне тили — эне сүтүндөй» аттуу иш-чара райондук деңгээлде белгиленди.

Эл аралык эне тили күнүнүн алкагында мугалимдер ачык сабактарды, ал эми класс жетекчилер класстык сааттарды өткөрүштү. Андан тышкары, бардык мектептерде «Өлкөбүздүн бардык жарандарынын улуттук баалуулуктарын урматтайлы!» деген темада дилбаян, реферат, эссе, сүрөт, көркөм окуу сынактары, класстан тышкаркы ар түрдүү маданий иш-чаралар уюштурулган.

Ага Кемин районундагы мектептердин директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары катышып, өз бааларын беришти.

ЭНЕ ТИЛИ – ЭНЕ СҮТҮНДӨЙУюштуруучулардын айтымында, Кыргызстанда жашаган башка улуттардын эне тилин натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, башка этностордун тилин өз деңгээлинде белгилөө менен эне тилдин беделин көтөрүп, аны өнүктүрүүгө мыкты шарттарды түзүү, ар бир этностун өз ара карым-катышына шарт түзүүнү максат койгон мындай иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турмакчы.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер