ЭНЕ ТИЛДИН ЗОБОЛОСУ ДАГЫ БИЙИКТЕДИ
- 27.05.2025
- 0
Бүгүн, 27-майда, республикадагы бардык жалпы билим берүүчү мектептердин 5-классынын окуучулары кыргыз тили сабагы боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү көчүрүү экзамендерин тапшырды.
Экзамен эртең менен саат тогузда адаттагыдай эле Кыргыз Республикасынын гимни менен башталды. Жер-жерлердеги уюштуруучулардын айтуусунда, экзамен тынч жана жагымдуу маанайда өтүп, окуучулардын коопсуздугу, экзамен өткөрүүгө байланышкан санитардык нормалар толук сакталган.
Ал эми мектептердеги кыргыз тили мугалимдери бул экзамен жаш муундардын тилге болгон мамилесин арттырып, өз билим деңгээлдерин баалоого көмөк көрсөтөт деген бекем ишенимде болушканын айтышууда.
Билим берүү министрлигинин бир катар кызматкерлери, тиешелүү адистер мектептерди кыдырып, экзамен тапшырып жаткан окуучулар менен, алардын ата-энелери менен маектеше алышкан.
Ата-энелер аларга көчүрүү экзаменин киргизүү туура болгондугун, бул көчүрүү экзамени балдарынын кыргыз тилине болгон мамилесин, жоопкерчилигин сөзсүз жогорулатарын бир добуштан билдиришкен.
Адистер окуучулар да позитивдүү маанайда экзамен тапшырып жатышкандыгын кабарлашты. Алардын айтымында суроолор окуучулар үчүн оор деле эмес экен. Суроолор өздөрү өткөн темалар боюнча экендигин баса белгилешти.
Буюрса, 29-майда 6-класстын окуучулары да экзамен тапшырышат.
Ал эми кийинки жылдан баштап 7-8 жана 10-класстар дагы кыргыз тилинен жазуу жана оозеки жүзүндөгү экзамен тапшырып башташат.
Өз кабарчы
Комментарийлер