ЭНЕ ТИЛ ЖАНА ЭР ЖИГИТТЕР КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

  • 20.02.2020
  • 0

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинде 21-февраль  – эл аралык эне тил жана 23-февраль — мекен коргоочунун күнүнө арналган конкурс болду.

ЭНЕ ТИЛ ЖАНА ЭР ЖИГИТТЕР КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

Коргоо комитетинин өздүк курамынын ичинен кыздардан түзүлгөн үч команда конкурска катышты.

Командалар көркөм окуу, макал-лакап айтышуу, тапкан тапалак, жаңылтмач айтуу, викториналык суроолорго жооп берүү сыяктуу сынактардан өтүштү. Жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, командаларга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

ЭНЕ ТИЛ ЖАНА ЭР ЖИГИТТЕР КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

Иш чаранын аягында жогорку окуу жайлардын студенттери Н. Айылчиев, А. Алмазбеков жана Бектурган кызы Асиранын катышуусунда чакан концерттик программа тартууланды.

ЭНЕ ТИЛ ЖАНА ЭР ЖИГИТТЕР КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

 

                                                                         КР КИМК басма сөз кызматы

.

Бөлүшүү

Комментарийлер