ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА СЫЙ-УРМАТ

  • 16.02.2024
  • 0

Бүгүн “Сейтек” балдар чыгармачылыгынын улуттук борборунда 21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өтүп, тилге күйгөн бир катар мугалимдер Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Иш-чарага КР Президенттик администрациянын, Кыргыз Республикасынын  Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, коомдук уюм жана фонддордун, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, студенттер, окуучулар жана жалпы эле кыргыз тилине кайдыгер карабаган инсандар катышты.   

Салтанатты билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу ачып, Эл аралык эне тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын алкагында жасалган иштерге токтолду.

“Мекендештер, алгач эне тилди терең өздөштүрүү менен бир катар тилдерди да билүү заман талабы экендигин билдирем. “Көп тил билсең, көп дил билесиң” демекчи, ар бир элдин маданияты, тарыхы жана дүйнө таанымын жакындан билүү, улуттар аралык ынтымак, ырашкерликке жол ачат, бири-бирибизге толеранттуу болуубузду шарттайт. Өз тилибизди сүйөлү жана баалайлы, коргоп гана койбостон, колдоно билели!” – деп кайрылды.

Иш-чарада ар улуттун тилин, маданиятын даңазалаган бийлер бийленип, ырлар окулду.

Саамалыктын алкагында эне тилин үйрөнүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Креатив-таалим” билим берүү мектебинин мугалими Жунусалиев Касымбек, Сокулук районунун Краснооктябрск орто мектебинин мугалими Маматаева Динара, Чыңгыз Айтматов атындагы инновациялык окуу-тарбия комплекс-лицейинин кыргыз тили мугалими Тагайбек кызы Гүлнура, Бишкек шаарынын №1 мектеп-интернатынын мугалими Анарбекова Гүлүмкан, Бишкек шаарынын №38 мектеп-гимназиясынын мугалими Балтабаева Чынара, Бишкек шаарынын Ленин райондук билим берүү борборунун мамлекеттик тил адиси Ишеналиева Чолпон, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн мамлекеттик тил боюнча адиси Асанова Венера, Ысык-Ата райондук билим берүү борборунун кызматкери Таалайбеков Бактыбек, КР БИМдин Республикалык экология, аймак таануу жана туризм борборунун жетекчиси Бийик Рыскулов Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Эске салсак, 2024-жылдын 7-15-февраль күндөрү билим берүүнүн бардык баскычтарында ар түрдүү форматтагы иш-чаралар өттү. Мектепке чейинки,  жалпы орто билим берүү уюмдары, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларында тарбиялык сааттар, илимий-практикалык конференциялар, викториналык суроолор, дебат оюндары, маданий жана салтанаттуу иш-чаралар белгиленди.

Максаты — эне тилге астейдил мамиле жасоо, Кыргызстанда жашаган ар бир улуттун тилине, каада-салтына, маданиятына, тарыхына сый-урмат жасай  билүү, кыргыз жеринде ынтымак орношуна бардык күч-аракеттерди жумшоо.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер