ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛДЫ

  • 22.02.2022
  • 0

21-февралда Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин 30 жылдык мааракесинин урматына жана Эл аралык эне тил күнүнө арналган “Эл достугу”  аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү.

Алгач КМКТАУнун ишмердүүлүгүн  чагылдырган видеотасма көрсөтүлүп, Эл  аралык эне тил күнү тууралуу кыскача маалымат берилди. Андан соң бир катар проектор, декандар жана кафедра башчылары иш-чаранын катышуучуларын Эл аралык эне тил күнү менен куттукташты.

Майрамдык иш-чаранын  «Кыргыз-Манас-комуз» бөлүгүндө Манас айтылып, кыргыз күүлөрү, патриоттук ырлар жаңырды.

«Эне тилим — ыйыгым» бөлүгүндө  ар улуттун студенттери кыргыз тилинде өздөрүн тааныштырып, эне тилинде жана кыргыз тилинде көркөм ыр окуп окуп беришти.

«Кыргызстандыктар дүйнө элдеринин тилдеринде сүйлөшөт» бөлүгүндө студенттер англис, түрк, араб жана корей тилдеринде ыр окушту. Иш-чарага жигердүү катышкан студенттерге социалдык маселелер, тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча проректор Болотов Таалай сертификаттарды тапшырып,  майрамдык иш-чараны уюштурган кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын эмгек жамаатына ыраазычылк билдирди.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер