ЭНЕ ТИЛ — ЭЛДИН ЭНЧИСИ

  • 20.02.2023
  • 0

Аксы районундагы Малабек Токтоболотов атындагы балдарга билим берүү борборунда 21-февраль — Эл аралык эне тили күнүнө карата «Эне тил — элдин энчиси» деген темада кеңири программадагы иш-чара өткөрүлдү.

ЭНЕ ТИЛ — ЭЛДИН ЭНЧИСИ

Эне тил майрамына арналган  маанилүү иш-чарага Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акиминин орун басары Салиева Айсалкын Пазыловна, Аксы райондук Этностор аралык маселелер боюнча жооптуу катчы Абдылдаева Дамира Сулаймановна, Аксы райондук аялдар кеңешинин төрайымы Калыкова Изат Алибековна, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жороева Жамила Абдуллаевна катышты. Анда ар улуттун өкүлдөрү өз эне тилин, кыргыз тилин даңазалаган чыгармаларды аткарышты. Ошондой эле «Манас» эпосунан, элдик дастандардан үзүндүлөр айтылып, макал-лакаптар, жаңылмачтар жаңырды.

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер