“ЭНЕ — БАЛА – МУГАЛИМ” БАЙЛАНЫШЫ

  • 20.09.2021
  • 0

ОшТУнун Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери А.Касымалиеванын демилгеси менен жаш өспүрүм баланын сапаттуу билим алуусуна, келечекте жакшы тарбиялануусуна багытталган “Эне-бала-мугалим” байланышы боюнча Өзгөн аялдар коомунун презентациясы болуп өттү.

Бул саамалыкка  Жогорку Кеңештин вице-спикери А.Касымалиева, Өзгөн районунун жигердүү демилгечи айымдары жана Борбор Азиядагы Аялдар Лигасынын (Женская Лига Центральной Азии) төрайымы, курамы, Өзгөн районундагы демилгечи активдүү айымдар жана институттун аялдар кеңеши катышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер