ЭНЕ-АТАЛАРДЫН ЭСТАФЕТАСЫ

  • 27.04.2020
  • 0

Кемин районундагы Чым-Коргон айылынын тургундары карантиндеги кырдаалга байланыштуу аралыктан окуп жаткан балдарга жана мугалимдерге колдоо көрсөтүү максатында “Биз биргебиз!” эстафетасын уюштуруп, балдардын окуусунан тышкары да көңүл чордонундагы көп жагдайларды биргеликте талкуулашууда.

 

Чым-Коргон айылы райондогу эң чоң эки айыл болсо – бирөө, бирөө болсо жалгыз өзү болоор. Мен силерге ушул айылга тиешелүү анекдоттордун мага жакканын айтып берейин. Бир адам Москвага барып иштеп келет. Келген соң, тели-теңтуштарына ал жактан көргөн-билгенин айтып бергиси келип: “Москва деген ушундай чоң шаар экен да…”-десе, жанындагысы: “Койчу, эмне ал биздин Чым-Коргондон да чоң бекен?” деп таңданып сураган тура, ишенбей.

Ошол эң чоң айылдын тургундары башкаларга да үлгү болорлук жакшы саамалык башташкан экен. Жума башында “Биз силерди сагындык!” деп, мугалимдерине арнаган жылуу сезимдерин билдиришсе, кезектегиси “Биз биргебиз!” деп аталып, анда алар бала – бакыт, бала келечек экендигин баса белгилешип, үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалашууда.

ЭНЕ-АТАЛАРДЫН ЭСТАФЕТАСЫ

Баардыгыбыз үйдөбүз! Б.Шекиновдордун үй-бүлөсү.

Зордук-зомбулук үрөнүн үйдөн сээп жаткан жокпузбу?

Эстафетаны баштаган Шекиновдордун үй-бүлөсүндө беш бала тарбияланат. Анын ичинен мектепте окуган төртөө — окуунун алдыңкысы. Үй-бүлө башчысы Бекин дыйканчылык менен алектенет. Ал уулу Мирланга сырттагы чарба ишин үйрөтсө, жубайы Гүлмира үйдө, кыздарына кол өнөрчүлүктүн сырлары менен бөлүшөт. Таң атпай талаага кетип, каш карайганда келген атасын тегеректешкен балдар кечинде апасы кыздары менен биргеликте жасаган даамдан ооз тийишкен соң, күнү кечке ким кандай иш менен алектенгендерин айтышып, орчундуу маселелерди талкуулашат. Азыр коомчулукту кооптондуруп жаткан таажытумоосунун кесепетинен кыймыл чектелип, балдары мурдагыдай достору менен жарышып ойной албай калганын туура түшүнгөн ата-эне, аларды кызыктуу оюндар менен алаксытканга аракеттенет.

ЭНЕ-АТАЛАРДЫН ЭСТАФЕТАСЫ

— Ата-энелер “Балдар биздин келечегибиз” деп, көп айтканыбыз менен, алардын тарбиясына жеткиликтүү көңүл бурбай келгенибизди мойнубузга алышыбыз керек. Жакшы баа алса, жакшы окуп жатыптыр деп көңүл ток жүрө беребиз. Чындыгында аларга тереңирээк үңүлүп карабай, үстүртөдөн мамиле жасаган ата-энелер арбын. Анан зордук-зомбулук кайдан чыкты, тартипсиз балдар кайдан чыкты деп ач кыйкырык салабыз. Мугалимдерге күнөөнү оодарып салганыбыз андан көп. Адегенде, ата-энелер, биз өзүбүз балдарга кандай мамиле жасап жатканыбызды аңдап карайлычы деп айткым келет. Зордук-зомбулуктун үрөнүн үйдөн сээп жаткан жокпузбу, ошого жакшылап көңүл буралы, анткени биздин алдыдагы карылык — балдарыбыздын колунда”-дейт үй-бүлө башчысы Бекин.

“Эстүү болсо баласы – эне-атанын канаты”

Шекиновдордун үй-бүлөсү бул эстафетаны уулу Мирландын классташы, 10-“б” класстын алдыңкы окуучусу Алманбетова Акзыйнаттын үй-бүлөсүнө zoom программасы аркылуу узатты. Алманбетовдордун үй-бүлөсүндө да беш бала тарбияланат. Мирлан – фермер, апасы Бурул – ашпозчу. Үйлөрүндө телевизор, телефон бар болгону менен, ар бир бала башына жетишсиз экени түшүнүктүү деңизчи, кыргызда “Эжелүүгө эски тон” деген жакшы сөз бар эмеспи, ансыңарындай, үйдүн улуусу, ата-энесинин ишенген жардамчысы Акзыйнаттын көзөмөлү менен сиңдилери Айганыш, Айсулуу, Айгеримдер үйдөгү “жазылбаган мыйзамды” бекем сакташып, улуулата ирээти менен сабактарын окушуп, телефон аркылуу да кезек-кезеги менен кайтарым байланышка чыгып турушат.

ЭНЕ-АТАЛАРДЫН ЭСТАФЕТАСЫ

Бирге сабак окуйбуз! Алманбетовдордун үй-бүлөсү.

— Балдар телевизор, телефон аркылуу аралыктан окушат десе, балдар эмес,  биз чоочуладык эле. Бирок, кыздарыбыз мектепте жакшы окушкандыктан, аябай деле кыйналган жокпуз. Улуу кызыбыз Акзыйнатты чыйрак, зээндүү деп мугалимдери көп макташат. Балдарыңды мактап турушса, бизге сыймык эмеспи. Биз да балдарыбызды көз жаздымда калтырбай, тиешелүү шарттарды түзүп, колдон келишинче колдоп жатабыз,-дейт, кыздардын апасы Бурул.

 

 

ЭНЕ-АТАЛАРДЫН ЭСТАФЕТАСЫ

Ата-энебизге концерт тартуулайбыз! 

Айлана текши жашыл кымкап чапан жамынып, колду караган мал-көл көйкөлгөн көктү майсап, дыйкандардын колунан кетмен-күрөгү түшпөй, жаңы тирликти жар салган жаз айы да аяктайын деп калды минтип. Аны биз, шаардагылар быйыл терезеден гана карап суктанып отурдук. Айылда болсо короодогу көк шиберге көлдөлөң төшөп, самоордун чайынан ысык-ысык ууртап, көөдөндө каткан сырлары менен бөлүшүп, чер жазышып, сырдашып отурушканы кандай сонун керемет…

Ошентип быйылкы окуу жылын мурда болуп көрбөгөндөй шартта, ата-энелердин жардамы менен жабыла жакшы аяктап алууну тилеп турган мугалимдерге, зор сыноого кабылган жалпы журтка ынтымак, биримдик жана сабырдуулук үрөнүн сепкен жакшы саамалыгыңар улана берсин демекчибиз.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер