ЭМНЕ ЖАКШЫ? ЭМНЕ ЖАМАН?

  • 09.06.2023
  • 0

ЭМНЕ ЖАКШЫ? ЭМНЕ ЖАМАН?

Кыргыз Ата, Кыргыз Эне бала тууралуу мындай деген:

— ымыркайында ырымдап бак,

— наристе кезинде наздай бак,

— тестиер кезинде тескеп бак,

— жеткинчек кезинде жетилдир,

— эрезеге жеткенде элге кош.

***

Адам өмүрүнүн курактарын мен мындайча элестетем:

1-2 жаш – эне сүтү менен азыктанган курак;

3-5 жаш – оюн менен азыктанган курак;

6-15 жаш – китептен азыктанган курак;

15-20 жаш – жакшы образдар, үлгү, кыялдар менен азыктанган курак

***

Мүнүшкөр мыкты  шумкарды издеп  жашайт,

Саяпкер мыкты тулпарды издеп жашайт.

Мугалим мыкты окуучуну издеп жашайт,

Ата-эне  мыкты уул-кыз үчүн жашайт.

***

Адамдын биринчи мугалими — эне,  куралы — эне тили.

***

Адам  адамга  – мугалим, адам – адамга тарбиячы,

***

— Акмактын да өз «мугалимдери» бар.

***

Тасмалга озунуп кол сунгандан курсак тоюп кетпейт.

***

Ар кимдин тарбиялоочу куралы бар:

— милицияныкы — гауптбах,

— соттуку — түрмө,

— мугалимдики — сөз,

— врачтыкы — дары,

— эненики — мээрим;

— элдики — нарк.

***

— Адамдын маданияты саламдашуудан башталат.

***

— Билимдүү ыймансыз менен ыймандуу билимсиз экөө бирдей эле коркунучтуу!

***

— Улутман патриоттон коркпо, улутсуз кайдыгерден корк!

***

— Бала турмуштан ордун таппай калса, анын азабын ата-эне тартат, зыянын Ата Журт тартат.

***

— «Мага өлкөм эмне берди?» — деп кейигенче, «Мен өлкөмө эмне бердим?» -деп өзүңдөн сура.

***

— Эли-жерин сүйгөн адамдан күчтүү адам болбойт!

***

— Булганган буюмду  жууп-тазалаш оңой,

— Булганган жан дүйнөнү тазалоо кыйынга турар.

***

— Адамда тарбия болбосо, билим жукпайт.

— Жукса да, ал жылаңач билим болор.

***

Адамдар үчүн эмне маанилүү:

— эркектер үчүн  байлык эмес,  акылмандык маанилүү;

— аялдар үчүн  сулуулук эмес, мээрмандык маанилүү;

— достукта куру сөздөр эмес, ишенич маанилүү;

— мамиледе талап кылуу эмес, түшүнүшүү маанилүү;

— денеңде сымбаттуулук эмес, ден-соолук маанилүү;

— кийим тандоодо кымбаты эмес, жарашыктуусу маанилүү;

— чыгармачылыкта канча чыгарма жазгандыгы эмес, кандай чыгарма жазгандыгы маанилүү;

— окууда баа алганы эмес, билим алганы маанилүү;

— билим алууда үйрөнүп алуу маанилүү эмес, аны турмушунда колдоно билүү маанилүү;

— кимдин  кантип сүйлөгөнү эмес, сүйлөгөн сөзүндөгү ойдун данеги  маанилүү;

— жушушта ким кандай кызматта иштегендиги эмес, кимдин кандай пайдалуу иш жасагандыгы маанилүү;

— кызматчынын айтканды так аткаргандыгы эмес, өз алдынча ойлонуп иш аткаргандыгы маанилүү;

— тамак ичкенде чүйгүндүүсү эмес, ден соолукка жагымдуусу маанилүү;

— сүйүүдө сүйүп калуу маанилүү эмес, сүйүүсүн сактай билүү маанилүү;

— жашоодо кандай жашагандыгы эмес, кандай жакшы ишке өмүрүн арнагандыгы маанилүү..

***

Ата-эне уул-кызынын сөзсүз эле падыша болушун каалабайт, ири алдыда адам болуусун каалайт.

***

— Адам денеден жана рухтан турат, денеси ооруса айыктырууга болот, бирок руху ооруса аны  айыктыруу кыйынга турат.

***

— Телефон алысты жакындатат, бирок жакынды алыстатат.

***

— Баланын дептериндеги каталыктарды оңдоого болот, бирок  тарбиясындагы каталыктар оңдолбогон бойдон кала берет.

***

— Уул-кызы эне тилин чанса – эненин кайгысы, Ата Журтун чанса – атанын кайгысы.

***

— Адамды тил бузбайт, тилге жасаган мамилеси бузат. Ал мамиледен баланын тарбиясы калыптанат.

***

— Адамдын маданияты – саламдашуудан башталат.

***

— Сенин эртең менен үйдөн чыккандагы өзүңө берген биринчи сурооң: «Сен туура жолго түштүңбү?» — деген суроо болсун.

***

— Ыймансыздык дарты дары менен айыкпайт.

***

— Караңгыны жарык адамдар жарык кылат.

***

— Баатыр болууга болот, адам болуу  кыйынга турат.

***

— Адам үч тарабынан бааланат: жеке сапатынан, жүрүм-турумунан жана башкаларга жасаган мамилесинен.

***

Бала бактысы – ата-эне  мээриминде,

Ата-эне бактысы – баласынын ийгиликтеринде.

***

Балдар ата-энелерин карап өсөт,

Ата-энелер балдарын карап картайышат.

Билим тууралуу

— Билимди сатып алууга болбойт, а сатууга болот.

— Ден соолукту сатып алууга болбойт, бирок сатууга болот.

— Досту да сатып алууга болбойт, а сатып кетүүгө болот.

— Мекенди да сатып алууга болбойт, а сатып жиберүүгө болот.

***

Мугалим сени  маңдайыңдан сылап окутат,

Турмуш көзүңдү чукуп окутат.

***

Мугалимдин койгон журналдагы баасы жоюлат,

А турмуш берген баа жоюлбайт.

***

Аянбай турган нерсе бар —

Ден соолук менен билимден.

Аяна турган нерсе бар —

Курсак менен кийимден.

***

— Эне тилиңди бузуп сүйлөгөнүң – элиңдин наркын бузганың.

***

Эл эне тилин жоготсо, эне тил баарын жоготот.

***

Алтын казынасына ар ким эле кире албайт, а акыл менен билимдин казынасынын эшиги баарына ачык.

***

Окуучу үчүн  сабакта  жакшы баа алганы эмес, жакшы  билим алганы маанилүү.

***

— Калемди жакшылап учтасаң,

кылычтан дагы курч болор,

акылды жакшы курчутсаң,

албарстан дагы курч болор…

***

Адам жүз жыл жашашы толук ыктымал, а өнөрү менен билими анын жашын миң жашка жеткирет.

***

-Муктаждык – үйрөнүүнүн эң мыкты мугалими. Маселе – ким эмнеге муктаж экенин сезгенинде.

Китеп тууралуу

Окуучунун бактысы – жакшы  мугалимге туш болуп, жакшы китеп колуна тийгенинде,

Жазуучунун бактысы – жакшы окурманга туш болуп, балага жакшы китеп жазып бергенинде.

***

— Жазуучунун өмүрүн жакшы китеби узартат, китептин өмүрүн окуган узартат.

***

— Китеп дүйнөсүнүн кулпусу жок, каалагандарга дайыма  эшиги ачык.

***

— Китеп окубай коюу – өзүнө-өзү рухсуздукка өкүм чыгаруу.

***

— Бир китепти көзүң менен окуйсуң, андан керектүү маалыматтарды издейсиң, табасың,  үйрөнөсүң, маалыматтуу болосуң;

— бир китепти жүрөгүң менен окуйсуң, окуп алып  сүйүнөсүң, кубанасың, кейийсиң, кайгырасың, толкунданасың;

— а бир китепти башың менен окуйсуң, аны окуп ойлоносуң, талдайсың, иликтейсиң, жыйынтык чыгарасың, билимге жана ойлорго байыйсың!

***

Китеп сеники болуш үчүн, ичиндегилерди окуп үйрөн,  жан дүйнөң кабыл алсын, ошондо гана китеп сеники болот.

Турмуш тууралуу

Кандай адам бактысыз?

Колунан да, тилинен да жакшылык келбеген адам гана бактысыз.

***

Бугуну кооз мүйүзү эмес, тартайган буттары сактайт,

Коёнду койкойгон кулагы эмес, майрык буттары сактайт.

Адамды сулуу жүзү, кооз кийими эмес, адептүү мемилеси, эң жөнөкөй жасалган сылыктыгы жана бир ооз жылуу сөзү сактайт.

***

Акчасы жоктон качпа, ал бир күнү акчалуу болор,

Абийири жоктон кач, ал бир күнү азабыңды берер.

Эмне жакшы?

— Адамга  сымбаттуу болгон жакшы. Ден соолукта болгон  андан да жакшы.

— Албетте, ден соолукта болгон жакшы. Бай болгон андан да жакшы.

— Чын эле, бай болгон жакшы. А билимдүү болгон  андан да жакшы.

— Ооба,  билимдүү болгон жакшы. Тарбиялуу болгон  андан да жакшы.

— Тарбиялуу болгон жакшы. Бактылуу  болгон андан да жакшы.

— Албетте, бактылуу  болгон жакшы. А өмүрлүү болгон андан да жакшы.

— Өмүрлүү болгон эң жакшы,  АДАМ болгон – баарынан жакшы!

Адамдагы сапаттар тууралуу

Эң жакшы сапат – адамгерчилик,

Эң жаман сапат – ачкөздүк.

Эң жакшы мүнөз – айкөлдүк,

Эң жаман мүнөз – текеберчилик.

Эң ажайып  сезим – сүйүү,

Эң жаман сезим – белгисиздиктен коркуу.

Мамиленин эң жаманы – кош көңүлдүк,

Мамиленин эң жакшысы – колдоо жана шыктандыруу.

Эң кубаттуу күч – үмүт жана ишеним,

Эң алсыздык – үмүтсүздүк.

Эң чоң каталык – каталыкты кайталоо.

Эң жакшы дос – идеялаш адамың,

Эң чоң душманың – сени  көрө албаган жакының.

Турмуштагы эң күчтүү жардамчың – акыл жана чечкиндүүлүк,

Турмуштагы эң күчтүү тоскоолдук – мококтугуң.

Эң жакшы учурашуу – жылмаюу,

Эң жакшы коштошуу да – жылмаюу!

Анда, кайрадан жолугушууга чейин!

Сулайман РЫСБАЕВ, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер