ЭМНЕ ҮЧҮН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯНЫН АЙРЫМ ТАПШЫРМАЛАРЫ ИНТЕРНЕТКЕ ЧЫГЫП КЕТТИ?

  • 08.06.2023
  • 0

7-июнда өтүүчү мамлекеттик аттестациянын айрым тапшырмалары интернетке чыгып кеткен. Бул боюнча Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борборунун педагогикалык кызматкерлерди тестирлөө бөлүмүнүн башчысы Р.Маданбекова түшүндүрмө берди.

ЭМНЕ ҮЧҮН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯНЫН АЙРЫМ ТАПШЫРМАЛАРЫ ИНТЕРНЕТКЕ ЧЫГЫП КЕТТИ?

Р.Маданбекованын айтымында, Улуттук борбор экзаменге жыл сайын эле тапшырмаларды даярдап келет.

— 7-июнда боло турган экзамендин айрым тапшырмаларына кандайдыр бир кызыкдар адамдар тарабынан Улуттук борбордун сайтына чабуул болгон. Ошол себептен суроолор интернет булактарына тарап кеткен. Бирок ушул учурду четке кагуу максатында,  7-июнда боло турган мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестацияга дайыма даяр, эч ким көрбөгөн, ачылбаган кошумча варианттарды жайгаштырдык. Бул иш боюнча тиешелүү органдарга териштирүү үчүн маалыматтарды бердик. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын тапшырмаларын чыгарып алууга райондук/шаардык бөлүмдөрдүн/башкармалыктардын башчыларынын, усулдук кабинеттердин жетекчилеринин, мектеп директорлорунун, завучтардын укугу бар, анткени алар жумушчу топтун курамында турат. Тапшырмаларды алуу үчүн сыр сөз ушул гана жетекчилерге берилет. Эгер кимден кандай маалымат кеткен болсо,  өтө маанилүү иш-чарага кыянаттык кылган адамдарга сөзсүз түрдө чара көрүлөт, — деди Р.Маданбекова.

Жыйынтыктоочу аттестацияны тоскоолсуз өткөрүүгө тийиштүү  жетекчилер милдеттүү экенин унутпашы зарыл.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер