ЭМИ КҮН-ЭЛЕКТИН ӨЗ БАЛА БАКЧАСЫ БАР

  • 17.12.2021
  • 0

Быйылкы окуу жылында Алай районундагы Күн-Элек айылында  бала бакча ишке берилип, жалпы айыл элин, агартуучуларды, ата-энелерди зор кубанычка бөлөдү.

Анткени, Күн-Элек айылында буга чейин мектепке чейинки билим берүү мекемеси таптакыр болгон эмес. Ата-энелер беш чакырым алыстыкта жайгашкан кошуна айылга балдарын алып барышчу.

— Бала бакчанын ачылганына ата-энелер, айыл эли текши кубанып жатышат. Бул иште жергиликтүү депутаттардын, айыл өкмөтүнүн, демөөрчүлөрдүн салымы чоң, — дейт  Гулбара Маманова атындагы бала бакчанын директору Боокеева Анаркан.

ЭМИ КҮН-ЭЛЕКТИН ӨЗ БАЛА БАКЧАСЫ БАР

Бала бакча жетекчисинин айтуусунда, 2019-жылы айылда жаңы мектептин имараты пайдаланууга берилген. Эл депутаттарынын демилгеси аркылуу эски мектепти капиталдык оңдоого берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 5 млн. 230 миң акча каралат. Алай району бакчага 300 миң сом акча которуп, бөбөктөр үчүн идиш-аяк, муздаткычтар алынып келинген. Ленин айыл өкмөтү бюджеттен 900 миң сом  бөлүп, ага эмеректер, керебет, үстөл, отургучтар алынат.

ЭМИ КҮН-ЭЛЕКТИН ӨЗ БАЛА БАКЧАСЫ БАР

— Көптөн күткөн күн келип, үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында бала бакчабыз ачылды. Алтымыш бала бакчага келди, — дейт мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси.

ЭМИ КҮН-ЭЛЕКТИН ӨЗ БАЛА БАКЧАСЫ БАР

Учурда бала бакчада 14 кызматкер эмгектенет. Бала бакча жалпысынан сегиз чоң каанадан, үч кичине каанадан турат. 60 балага ылайыкталган бул мектепке чейинки билим берүү мекемесинде эки ойноочу бөлмө, эки уктоочу бөлмө, бир музыкалык каана,  бир кир жуучу бөлмө, медайым бөлмөсү, кийим чечүүчү бөлмөлөр бар. Бөлмөлөр жыпжылуу. Жылуулук системасына ата-энелер ыраазы. Бөбөктөр кышкысын сыртка чыгышпайт. Жазында ойноочу аянтчалары да кеңири.

Демөөрчүлөрдүн да салымы бараандуу экенин белгилей кетели. Мисалы, Сыдык уулу Автандил 15 миңге селкинчек, Бишкектеги «Алай айымдары» коомдук бирикмеси 75 миң сомдук тамак бышыруучу плита сатып беришсе, Москвада иштеген айылдык кыздар 10 миң сом, райондук билим берүү бөлүмүндө эмгектенген Айнагүл Турдумаматова 20 миң сом акчалай жардам беришкен. Учурда Москвада эмгектенип жаткан айылдын эр азамат жигиттери да акчалай жардам көрсөтүүгө ниеттенип жатышыптыр.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер