ЭМГЕКТИН БААТЫРЫ ЭСКЕРИЛДИ

  • 24.11.2022
  • 0

Коомдук жана мамлекеттик кызматкер, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун 100 жылдык мааракеси Кочкор районундагы Чолпон айылында жайгашкан Корчубек Акназаров атындагы орто мектептебинде  белгиленди.

ЭМГЕКТИН БААТЫРЫ ЭСКЕРИЛДИ

2022-жылдын 21-ноябрында Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде семинар конференцияга Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын акимдин орун басары Чынара Табылдиева, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турсунбек Бактыгулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Ишенбек Бекишов, Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Өмүрбеков жана убагында Корчубек Акназаров менен иштешип калган адамдар катышты. Мектеп мугалимдери Сарбаева Бүбүра  — “Акыл менен изденип, эмгек менен элге жаккан”, Чолпонкул уулу Нурадил — “Түйшүктүү балалык”, Сатыбалдиева Гүлнур — “Түштүктөгү эмгек жолу”, Туратбек кызы Махабат — “Балдардын сынагынан сынбайсыңбы”, Сыдыкова Галия, Токторбаева Мунара — “Согуш жылдарындагы өмүр” деген аталыштагы темаларда  семинар- конференциянын катышуучуларына сабак өтүп беришти. Ошондой эле семинар-конференциянын жүрүшүндө Корчубек Акназаровдун өмүр жолу тууралуу слайд көрсөтүлүп, өмүр үзүмүнөн окуучулар даярдаган сценка коюлду.

Райондук денгээлде уюшулган семинар-конференцияга катышкан өкүлдөр жана Чолпон айыл тургундарынан  Кожобеков Качкын, Кожогулов Бекин аксакалдар Корчубек Акназаровдун ошол кездеги жасаган иштери, койгон талаптары, адамдар менен жасаган мамилелери жөнүндө айтып беришти. Иш-чаранын катышуучулары мектепте Корчубек Акназаровго атайын уюшулган бурчтагы сүрөттөр менен танышып, мектеп жамаатына ыраазычылыктарын айтышты.

Дайырбек Айдарбеков, Кочкор району

Бөлүшүү

Комментарийлер