ЭМГЕКТЕН БААР ТАПКАН

  • 27.10.2023
  • 0

ЭМГЕКТЕН БААР ТАПКАН

Кыргыз элине белгилүү тарыхчы, илимпоз, педагог катары жакшы таанылган профессор, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, эмгектери көптөгөн чет тилдерде чыккан Дөөлөт Сапаралиев азыркы күндө 70 жашка чыгып отурат. Өзүн-өзү даңазалай бербеген илимпоз тарых илимине өз изин салып, бир канча мыкты эмгектерди жараткандыгын баары эле биле бербесе керек. Ал бүгүнкү күндө кыргыз элине, кыргыз маданияты менен тарыхына зор эмгек сиңирип, илим менен педагогиканы чогуу ала жүрүп, көптөгөн илимий мыкты эмгектерди жаратууга жетишүү менен бирге Илимий темасын изилдөө менен эле чектелбестен. маданий мурастарды калыбына келтирүү ишинде да активдүү эмгектенип, бир канча багытта жемиштүү, ийгиликтүү иштеп келе жатат.

Дөөлөтбек Бекишовичтин өмүр жолуна көз салып көрсөк, сот кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулуп-өскөндүгү үчүнбү адегенде сот тармагында иштеп, анан Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине өтүптүр. Студент болгондон тартып комсомолдук, коомдук иштерди аткарып, алдыӊкы активисттердин катарында болот жана ошол мезгилде эле илимпоз болууга жөндөмү бар экендиги билинип, окуусун эң жакшы деген баалар менен аяктайт. Университетти бүткөн соң КР УИАнын Тарых институтуна кенже илимий кызматкери катары иштей баштоо менен илимдеги жолун баштайт. Бул жерден республикадагы эң мыкты делген С.И. Ильясов, К.К. Каракеев, Б.Ж. Жамгырчинов, В.П. Шерстобитов, С.Т. Табышалиев, В.М. Плоских сыяктуу тарыхчы-академиктердин мектебинен өтөт. Мындай илимий мектепти андан-ары улантып, Москва шаарындагы СССР Илимдер академиясынын СССР элдеринин тарыхы бөлүмүндө эки жылдык билимин жогорулатуу кызматын өтөп келет. Бул албетте илимди жакшы өздөштүрүүгө, илимий ишти жаза билүүгө жол ачкан.

Илимдеги жолу байсалдуу башталган жаш илимпоз кандидаттык диссертациясынын темасын тандоодо көнүмүш болуп калган партия, комсомол, маданият, билим, колхоз, совхоз, беш жылдык сыяктуу темалардан качып, «Кыргыз элинин XVIII кылымда коңшу жана Россия элдери менен өз ара мамилелери» деген теманы (профессор В.М. Плоскихтин жетекчилигинде) тандап алып, 1987-жылы ийгиликтүү коргойт. Чындыгында бул тема ал мезгилде изилдөөгө көп алына элек тема эле. Теманын жакшы иштелгендигин бул багыттагы макала, эмгектерин карап көрсөк, илимпоз кыргыз тарыхындагы талаш-тартыштуу мезгилди изилдөөгө алганы жана жакшы эмгек жараткандыгын билүүгө болот.

ЭМГЕКТЕН БААР ТАПКАН

Мына ушул мезгилден бери карай кыргыз тарых илиминин өнүгүшүнө жеке салымын кошуп, кыргыз тарыхындагы актуалдуу темаларды изилдөөгө алган: «Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII в.» (1995), “Этнополитическая история Оша и его окрестностей с 18 до середины 19 в.” (1999), «Эл зар – Жусуп (Ж. Абдрахмановдун 110 жылдыгынын урматына. Тарыхый-популярдуу баян». (2011), «Алыбек баатыр Кетирекей уулу – адилеттүүлүктү туу туткан инсан» (2017), «Бишкек жана Пишбек баатыр: тарыхый даректер менен уламыштар» (2021), «Зов предков. (К родословию Садыра Нургожоевича Жапарова) (2022), “Аталар жолунда (Садыр Нургожоевич Жапаровдун санжырасынын тарыхынан) (2023), “Садыр аке даанышман (Тарыхый документтик иликтөө)” (2023) деген китептердин жана 200дөн ашуун илимий, илимий-популярдуу, методикалык жана публицисткалык макалаларды жарыялап келет. Бүгүнкү күндө 6 монография, 4 брошюра, 22 биргелешип жазган китептери жарык көргөн. Аталган илимий монография, макалалар илимий коомчулукта жана окурмандар чөйрөсүндө чоң резонанс жаратып, белгилүү тарыхчылар: А.Ч.Какеев, В.М.Плоских, А.А.Асанканов, Ө.Ж.Осмонов, Т. Кененсариев ж.б. алгылыктуу пикирлерин билдиришкен.

Ошондой эле, илимпоздор менен бирдикте авторлош болуп жазган эмгектери да арбын, мисалга ала турган болсок, белгилүү тарыхчылар Б.Жамгырчинов, К.Үсөнбаев ж.б. тарыхчылар менен биргелешип «История Киргизской ССР с древнейших времен до наших дней. В пяти томах» (1986), «Взаимосвязи киргизского народа с народами России, Средней Азии и Казахстана (конец XVIII-XIX вв.) (1985) деген китептерди жазышкан. Бул китептерге улай: «Кыргызстан – Россия: история взаимоотношений (XVIII-XIX вв.), «Шабдан баатыр: личность и эпоха», «Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. Кытай булактарынан үзүндүлөр» сыяктуу китептердин авторлорунун бири болгон. Ошол эле мезгилде кыргыз тарыхынын энциклопедиясын түзүүгө да жеке салымын кошкон. Мындай өңүттөгү эмгектерин санай берсек 20дан ашуун экен.

Д.Б.Сапаралиевдин илимдеги жолу көп пландуу, көп кырдуу болуптур, маселен, Кыргызстандын шаарлары тууралуу атайын изилдөө жүргүзүп, борбор калаабыз Бишкек шаары тууралуу, же болбосо Ош шаары тууралуу фактылык материалдар менен коштогон жакшы эмгектерди кыргыз элине сунуштай алган. Ал эми кыргыздан чыккан белгилүү инсандар тууралуу изилдөөлөрү өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Мисалы, Тайлак баатыр, Жайыл баатыр, Атаке баатыр, Нышаа элчи, Кубат бий, Пирназар бий, Ормон хан, Алыбек баатыр, Алымбек датка, Нурдөөлөт баатыр, Султанкул манап, Садыр аке, Байзак баатыр, Рахманкул-хан, В.В. Фрунзе, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов ж.б. тууралуу изилдөөсүн жүргүзүп, алардын өмүрүндөгү маалыматтарды тарыхый фактылар менен тактап, далилдеп бергенге аракеттенген. Албетте, мындай эмгектер кыргыз эли үчүн абдан керек.

Тарыхчы кыргыз тарыхын изилдөө менен бирге аларды башка өлкөлөргө, башка элдерге да таанытып келет. Илимпоздук сапарында Анкара, Стамбул, Москва, Санкт-Петербург, Баку, Измир, Алматы, Ташкент, Киев, Торонто, Түркстан ж.б. шаарларда өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияларда, симпозиумдарда илимий докладдарды окуп, сыйлуу орундарга ээ болуп келген. Чет жерлерге тарыхчы-окумуштуу катары таанылгандыгынын натыйжасында «Борбордук Азияны изилдөө коомунун” мүчөсү жана “Түрк тарыхчылар коомунун” ардактуу академиги болууга жетишкен.

ЭМГЕКТЕН БААР ТАПКАН

«Алгачкы элчилердин изи менен» деп аталган экспедиция-жүрүштү жетекчиликке алып, кыргыз дипломатиясынын башталышы кандай болгондугу тууралуу изилдөөсүн да жүргүзгөн, бул изилдөөсүндө кыргыз элчилигин баштоочулардын бири Атаке бийдин Россия империясына алгачкы элчилик баштаганы, эки мамлекет ортосундагы дипломатиялык алака-катыштын кандай башталгандыгы тууралуу фактыларды Омск областык жана Москва шаарындагы борбордук архивдеринен тапкан материалдардын фактысы менен ачып көрсөткөн.

Жогоруда айтып кеткенибиздей, изилдөөсү тематикалык жактан ар түрдүү жана ар кыл болгон. Кыргыз тарыхы тууралуу актуалдуу темалардан сөз козгоо менен бирге көптөгөн такталбаган маалыматтарды тактаганга, тарыхтын кээ бир ачылбаган тарыхын көпчүлүккө ачып көрсөтүп, алардын тарыхыйлуулугун тактап, анан иликтеп ачып берүүгө жетишкен.

Дөөлөтбек Бекишевич илимпоздук иш менен эле алектенбестен, педагогдук кесипти да кошо ала жүрүп, республикабыздагы белгилүү жогорку окуу жайларында эмгектенип, студенттерди тарбиялап, ошол эле мезгилде жаш илимпоздорду да даярдап, Кыргызстандын жаш тарыхчылар коомун жетектеп, мына ушундайча илим менен педагогиканы айкалыштырып келет.

Д.Сапаралиев Кыргызстанда биринчи жолу А.Асанканов, А.Бедельбаев, Д.Жунушалиев ж.б. менен бирге «Кыргыз Республикасынын тарыхы. Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеп” (2000-ж.) деген окуу китебин кыргыз тилинде жазышкан. Жогорку окуу жайлар үчүн «Кыргыз Республикасынын тарыхынын программасы, Жогорку окуу жайларынын тарых эмес факультеттердин студенттери үчүн” (Б.Чокушев менен авторлош), «Кыргыз Республикасынын тарыхын окутуу программасы. Тарых эмес факультеттердин студенттери үчүн» (К.Дүйшөналиев, К.Мамбеталиева менен авторлош) жазган. Ошондой эле, «Рабочая программа истории Кыргызстана (Отечественная история). Для студентов 1 курса», «Рабочая программа курса по выбору «Роль личностей в истории Кыргызстана». Для студентов 3 курса исторического факультета» деген окуу-методикалык колдонмолору ЖОЖдордо колдонулуп келе жатат.

Азыркы күндө республикабыздагы алдыңкы жогорку окуу жайы болгон К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин «Кыргызстандын жана чыгыш чет өлкөлөрдүн тарыхы” кафедрасын жетектеп, үлгүлүү лекцияларды окуп, педагогика менен илимди эриш-аркак алып, үзүрлүү эмгектенүүдө.

Мына ушундай талыкпаган эмгегинен үзүр таап, сыйлык, наамдарга татыктуу болууда. Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын, “Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак Грамотасынын” жана “Кыргыз Республикасынын билимине эмгек сиңирген кызматкер” наамынын ээси.

Илимде мына ушундай даңазалуу жолду басып өтүп, кыргыз элинин сыймыктуу уулу болууга жетишкен Д.Сапаралиев дагы далай-далай мыкты эмгектерди жазарына терең ишенем, буга билими да, ой-жүгүртүүсү да жетиштүү. Байсалдуу башталып, жемиштүү уланган илимий жана чыгармачылык ишиңиз өркүндөп, студенттердин сыймыктуу агайы деген сый-урмат дагы тереңдеп, сыйлык, наамдардын ээси болуп жүрө беришиңизге чын жүрөктөн тилектешмин!

Абдылда Мусаев,
К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер