ЭМГЕКТЕН БААР ТАПКАН ОКУМУШТУУ-ПЕДАГОГ

  • 06.03.2018
  • 0

8-март — Аялдардын эл аралык күнүн утурлап, билим берүү системасында жигердүү иштеп келаткан эжейлерди куттуктап, дайыма гезит бетинен орун берип келебиз. Бул жолку биздин каарманыбыз И. Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор, этнопедагог Айчүрөк Калдыбаева. Айчүрөк Токтополотовна быйыл 60 жашка чыкты. Өткөн аптада Орусия Табигый илимдер академиясынын Президиуму тарабынан Константин Ушинскийдин медалы менен да сыйланды. Бул сыйлык окумуштууларга педагогикалык илимдерди жана билим берүүнү өнүктүрүүдөгү өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн тапшырылат.

ЭМГЕКТЕН БААР ТАПКАН ОКУМУШТУУ-ПЕДАГОГ

Атасынын изи

Айчүрөк Калдыбаева 1958-жылы Ош облусундагы Алай районунун Гүлчө айылында интеллигенттин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Мектепти мыкты аяктаган соң, ал кездеги Фрунзе шаарындагы В.В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетине өтүп, 1980-жылы аны артыкчылык диплому менен аяктап, орус тили жана адабияты мугалими, тарбия боюнча методист адистигине ээ болгон. Ошол эле жылы мамлекеттик аттестациялык комиссиянын чечими менен орус тили жана аны окутуунун методикасы кафедрасына окутуучу болуп кызматка алынган.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде окутуучу, доцент, сырттан окуу институтунун директорунун орун басары, факультеттин деканы кызмат ордуна чейин өзүнүн эмгекчилдиги, иштин көзүн билген сапаттары менен жетти.

Педагогикалык кесипти тандап алганына атасы Калдыбаев Токтополоттун эмгеги зор. Ал киши орто мектепте кырк жыл эмгектенген улуу педагог болгон.

— «Улуу» деген сөздү бекеринен айтканым жок, себеби атам ошол сөзгө татыктуу педагог болгон. Азыркы күнгө чейин атам жөнүндө коллегалары, окуучулары сөз кылганда чынчыл, таза, акыйкат, билимдүү, кесибин жанындай сүйгөн, окуучуларга, элге тегиз мамиле жасаган инсандык жана кесиптик сапаттарын айтышат. Бул нерсе мени абдан сыймыктандырат жана кубандырат. Ар дайым дили, жүрөгү таза адам болгон.    Сабакка тереӊ, ыйык мамиле жасай билчү. Канча жыл иштесе да, дайыма план-конспекттин үстүндө иштей берет эле, сабакта кызыктуу кошумча материалды көп колдонуп, окуучулардын кызыгуусун арттырып, билимин тереӊдетип окутаар эле.

Окуучулардын жаңы материалды өздөштүрүүлөрүн камсыз кылуу үчүн окутуунун изденүү методдорун пайдаланып, проблемалык ситуацияларды түзүп, окуучуларга айттырып, талкуулап, проблеманы чечүүнү уюштурат эле.

Тарых сабагынын негизги максаты ‒ инсандын чыгармачылыгын өнүктүрүү болгондуктан ийримдик иш уюштуруп, өз алдынча иштерге көп убактысын жумшады. Окуучуларга, өзү сүрдүү болгонуна карабастан, гумандуу мамиле жасайт эле. Ачуусу келгенде, татарлардын макалын айтып: «Айтат элем, бирок айтса болбойт» дегенде, окуучулары ушул сөздүн маанисин түшүнүп, сабакка башкача мамиле кыла баштайт эле, ‒ дейт Айчүрөк эжей.

Чындыгында эле Айчүрөк Токтополотовнада өзү тизмектеп кеткен атасынын бардык инсандык жана кесиптик сапаттары бар. Иш десе, ичип жаткан чайын кое койгон инсан. Атасынын жолун жолдоп алты бир тууганынын бардыгы мугалимдик кесипти аркалап эмгектенип жатышат. Алайда Калдыбаевдердин үй-бүлөлүк мугалимдер династиясы деген элдик наамга татышкан.

     Мыкты окумуштуу-педагог, насаатчы

Айчүрөк Калдыбаева 1983-1986-жж. Кыргыз педагогика илимий изилдөө институтунда аспирантурада окуган. Азыркы күндө ушул эле университеттин педагогика кафедрасынын башчысы, анын жетекчилиги менен 15 изденүүчү кандидаттык диссертацияларын коргогон. Ондогон диссертацияларга эксперт, оппонет болгон. Магистрлердин эмгектерине жетекчилик кылат. Азыр педагогика илимдери боюнча диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы. Педагогика илимдеринин доктору, профессор. Орусия Табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти.

Анын кесиптик багыттары: этнопедагогика, педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы, жогорку окуу жайынын педагогикасы, тарбия иштеринин методикасы, мектеп педагогикасы.

Айчүрөк эжей үч монографиянын, 19 окуу-методикалык куралдардын, 130дан ашык илимий макалалардын автору. Алардын айрымдарын атасак: “Эл акындарынын чыгармачылыгындагы этнопедагогикалык идеялар”; “Адеп (Мурас)”/ 5-класс үчүн окуу китеби; “Адеп (Мурас)”/ Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо; “Кыргыз элдик педагогикасынын мугалимдерди даярдоодогу ролу”: Атайын курс / Методикалык сунуштар; “Педагогикалык практика боюнча методикалык сунуштар”; “Калык Акиевдин чыгармаларынын тарбиялык мааниси”; “Педагогика тарыхынын очерки” / Окуу куралы; “Элдик акындар жана тарбия” / Методикалык курал; “Элдик акындардын чыгармаларындагы тарбия маселелери” / Методикалык курал; “Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы” / Окуу куралы; “Кредиттик окутуу системасы студенттердин өз алдынчалыгын өстүрөт”; “Этнопедагогикалык идеяларды тарбиялоо процессинде колдонуунун методикалык өзгөчөлүктөрү”; “Тарбиялоо жана окутуу процессин моделдөөнүн талаптары жана принциптери”; “Организация учебного процесса по кредитной технологии в КГУ им. И.Арабаева в рамках Болонского процесса”, “Педагогика” / Окуу китеби; “Современные проблемы науки и образования” / магистранттар үчүн окуу куралы ж.б.

Ал илимий докладдар менен Ирландия, Түркия, Россия жана Казакстанда эл аралык конференцияларга катышкан.

А. Калдыбаева – лекцияларды жогорку деңгээлде окуган адис. Илимий диапозону кеңири окумуштуу-педагог, насаатчы. Ал өз ишине берилгендик менен мамиле кылаарын жамааты жакшы билет, ошондуктан ал кызматкерлеринен дагы ишке жоопкерчилик менен мамиле кылууну талап кылат. Айчүрөк эжей жалпы жамааттын кадыр-баркына ээ.

Билимдин дыйканы

ЭМГЕКТЕН БААР ТАПКАН ОКУМУШТУУ-ПЕДАГОГ

  • Педагогика кафедрасынын профессордук кызматын аткаруу учурунда көптөгөн семинарларды өткөрдүм, лекцияларды окудум, магистрлик, дипломдук жана курстук иштерди жетектеп келдим. Бардык сабактар боюнча өзүм иштеп чыккан жумушчу программам бар. Ал кафедрада талкуулангандан кийин университеттин жетекчилиги бекиткен болчу. Студенттерди окутууда жалаң инновациялык жана интерактивдүү ыкмаларды пайдаланам. Окуучу лекциялардын конспектилерин, ошондой эле «Педагогикалык ойлордун жана билим берүүнүн тарыхы» сабагынын электрондук вариантын иштеп чыктым, – дейт Айчүрөк Калдыбаева.

Окумуштуу-педагог мейли кафедранын, мейли университеттин өткөргөн бардык коомдук иштеринен калбайт.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоону модернизациялоонун педагогикалык негиздери» илимий долбоордун жана «Адеп» сабагынын окуу китебин жазуу боюнча жумушчу топтун төрайымы болгон. Анын жетекчилиги алдында 2005-жылы 1-11-класстардын «Адеп» окуу китебин жазууда сынактын негизинде мыкты автордук жамаат тандалып алынып, алардын жазган китептери 2007-жылдан тарта министрлик көп тираж менен чыгарып, республиканын бардык мектептерин бул окуу китеби менен камсыздаган. Өзү бир топ практик мугалимдерди жетектеп 5-класстын адеп окуу китебин жазган автор. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын жарандарын, жаш муундарын рухий-адептик, патриоттук жактан тарбиялоо» Концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү.

Эмгеги жерде калган жок

Жакында эле анын билим берүү жана илим тармагындагы көп жылдык эмгегин эске алынып И. Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар Кеңеши педагогика кафедрасынын профессору Калдыбаева Айчүрөк Токтополотовнаны «Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери» наамына сунуш кылды.

Жаштайынан эмгекке сугарылган Айчүрөк эжейдин жасаган ар бир эмгеги мамлекет тарабынан бааланып келатат. Атап кетсек, 1980-жылы Бүткүл Союздук Ленинчил Коммунисттик Жаштар Союзунун Борбордук комитетинин Ардак Грамотасы менен сыйланса, ушул эле жылы Кыргызстан Ленинчил Коммунисттик Жаштар Союзунун Борбордук комитетинин Ардак Грамотасы, Кыргыз ССРинин Ардак Грамотасы (1982-ж.), Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги (1995-ж.), И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Ардак Грамотасы (2002-ж.), Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак Грамотасы (2011-ж.), Орусия Табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти (2015-ж.), Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгрессинин Алтын медалы (2017-ж.), И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине эмгек сиңирген ишмер (2017-ж.), Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын Ардак Грамотасы (2017-ж.), И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин эӊ мыкты илимий кызматккери (2017-ж.), Орусия Табигый илимдер академиясынын илимге эмгек сиӊирген ишмери (2018-ж.) жана ушул эле жылы Орусия Табигый илимдер академиясынын Ушинский атындагы медалдын ээси болду.

Юбилейлик иш-чара

     Айчүрөк Калдыбаеванын 60 жылдык мааракесине карата И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана “Ыйык Ата Журт” коому 2018-жылдын 20-21-апрелинде «Заманбап педагогикалык билим берүүнүн жана илимдин теориялык жана методологиялык кѳйгѳйлѳрү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция ѳткѳргѳнү жатат. Анын максаты – заманбап педагогикалык билим берүүнүн актуалдуу кѳйгѳйлѳрүн чечүү жолдорун издѳѳ жана талкуулоо.

Ошентип, азыркы учурда да эжейдин жаны тынбай Эл аралык маанидеги конференцияга даярданып жүргөн чагы.

Айчүрөк эжей бактылуу чоң таене. Анын үч кызы, бир уулу бар. Бардыгы жогорку билимдүү адистер, ал эми уулу Кубатбек Эл аралык Ататүрк-Алатоо университетинин юридикалык адистигинде билим алып жатат.

Аалам ажары, очок ээси, үй-бүлө куту, мээрман эне, асылкеч жар, чыныгы педагог-окумуштуу эжейибизди чын дилибизден юбилейи, жаз майрамы жана сыйлыгы менен куттуктайбыз.

 Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер