ЭМГЕК РЫНОГУНУН ТАЛАПТАРЫ МЕНЕН КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ШАЙКЕШ КЕЛТИРИЛҮҮДӨ

  • 24.07.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде эмгек рыногунун талаптары менен кесиптик билим берүү шайкеш келтирүү боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Заманбап эмгек рыногу колледжди аяктоодо иштин теориялык гана эмес, ошондой эле практикалык көндүмдөрүнө ээ болгон жаңы адистерди талап кылууда. Компетенттүүлүккө карата талаптардын бардыгы «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында аныкталган артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер үчүн БИМ тарабынан иштелип жаткан эксперименталдык билим берүү программаларында чагылдырылган.

«Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында суроо-талапка ээ кесиптерди жана адистиктердин тизмесин түзүү үчүн регионалдык эмгек рыногундагы суроо-талапты жана сунушту талдоо методологиясы иштелип чыккан.

Регионалдык эмгек рыногунда суроо-талапка ээ адистиктерди жана кесиптерди аныктоо үчүн аталган методологиянын негиздери боюнча пилоттук колледждердин кызматкерлери окутулду.

Ошондой эле, эксперименталдык окуу программалары пилоттолуп жаткан окуу жайларында окутууга карата жаңы ыкмалар – ишкердик боюнча модуль, жумуш ордунда окутуу, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана заманбап ыкмалар боюнча мастерлерди даярдоо ишке киргизилүүдө.

БКБ жана ОКБ окуу жайларын эске алуу менен адистиктердин жана кесиптердин тизмеси 

КолледждерАдистиктерКесиптик лицейлерКесиптер
1Нарын шаарындагы Агро-экономикалык колледжТармактар боюнча электр жабдуу

(техник-электрик)

№87 кесиптик лицейЭлектр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик
Ветеринария

(ветеринардык фельдшер)

№32 кесиптик лицейВетеринардык дарылоо боюнча оператор
Айыл чарба өндүрүмдөрүн (эт, сүт) өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы (технолог)
2Токмок шаарындагы Агро-өнөр жай колледжиАйыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу (техник-электрик)№61 кесиптик лицейЭлектр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электр монтер
Электр жана электр-механикалык жабдууларды техникалык эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча)

(техник-электромеханик)

Транспорттук электр жабдууларын жана автоматиканы эксплуатациялоо (транспорттордун түрлөрү боюнча, сууда жүрүүчү траспорттон тышкары)

(техник-электромеханик)

№49 кесиптик лицейАвтомеханик
3Бишкек шаарындагы Архитектура жана курулуш менеджменти колледжиИмараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо

(техник)

№5 кесиптик лицейКурулуштагы жасалгалоо иштеринин мастери
Ички санитардык-техникалык жана желдетүүчү түзүлүштөрдү монтаждоо жана эксплуатациялоо (техник)№5 кесиптик лицейСлесарь сантехник
Жыгач иштетүү технологиясы, эмерек конструкциялоо дизайны

(техник-технолог)

№4 кесиптик лицейЖыгач устачылык эмерек өндүрүшүнүн мастери
4ЖАМУнун Жалал-Абад колледжиАвтоматташтырылган системалардын эсептөө техникасын программалык камсыздоо

(техник-программист)

Автоунаа транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо (техник)№63 кесиптик лицейАвтоунаа каражаттарын оңдоочу слесарь
Электр станциялары, тармактар жана системалар

(техник-электрик)

Ветеринария

(ветеринардык фельдшер)

№69 кесиптик лицейВетеринардык дарылоо боюнча оператор
5Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо –техникалык инновациялар жана экономика колледжиАйыл чарба өндүрүмдөрүн (жер-жемиштер, жашылчалар) өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы (технолог)
Тигүүчү буюмдарды конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы

(модельер-конструктор)

№70 кесиптик лицейТикмечи
Ачык тоо-кен иштери

(тоо-кен техник-технологу)

№7 кесиптик лицейАчык тоо-кен иштеринин машинисти
6Ысык-Көл Индустриалдык педагогикалык колледжМейманканаларды жана туристтик комплекстерди тейлөөнү уюштуруу (менеджер)
Мейманканаларды жана туристтик комплекстерди тейлөөнү уюштуруу (өндүрүштүк окутуу менеджер-мастери)
7Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжТранспорттук электр жабдууларын жана автоматиканы эксплуатациялоо (транспорттордун түрлөрү боюнча, сууда жүрүүчү траспорттон тышкары)

(техник-электромеханик-өндүрүштүк окутуу мастери)

8ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжиТигүүчү буюмдарды конструкциялоо, моделдөө жана технологиясы

(модельер-конструктор-өндүрүштүк окутуу мастери)

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер