ЭМГЕК МИГРАНТТАРЫНЫН БАЛДАРЫ ЭС АЛУУГА БАРАТ
- 21.06.2023
- 0
КР Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Миграция маселелери боюнча кеңеш чет өлкөлөрдөгү мекендештердин балдарына Ысык-Көлдө жайкы эс алууну уюштуруу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты, Миграция кеңешинин мүчөсү Эльвира Сурабалдиева, ошондой эле жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
Жыйында балдарды милиция кызматкерлери коштоп жүрүү чечими кабыл алынып, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 10 күндүк программа иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Балдардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан суучулдар жана куткаруучулар тартылат. Жалпы координациялоону Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги ишке ашырат. Программаны 15-августтан 25-августка чейин өткөрүү пландалууда.
Комментарийлер