ЭМГЕК ӨРГҮҮСҮНӨ 105 МИҢ СОМ АЛГАН МУГАЛИМ

  • 25.07.2022
  • 0

Чүй облусунун агартуу тармагынын өкүлдөрү айлык акылары көбөйгөндөн бери, кадыр-баркы да көтөрүлүп калганын айтып, кубанычтары менен бөлүшүп жатышат.

Алардын мындай маанайын Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Райымбек Султанов да тастыктап, облустун агартуучулары көтөрүлгөн маянасы үчүн ыраазы болуп жатышканын билдирди.

— Чүй облусунун мугалимдер жамааты эмгек акылары жогорулагандыгы, айрыкча, эмгек өргүүсүнөн алган акча үчүн кат-кат ыраазычылыктарын билдирип жатышат. Алар алган акчаларына алды көлгө эс алууга барса, кай бири үйүн ремонттоп, көптөн бери кыялданып келген үй эмеректерин алгандагы кубанычтары менен бөлүшүүдө, — дейт Райымбек Карагулович.

Алардын бири Панфилов районунун Сулайманов атындагы мектеп гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Венера Сариева, жыл сайын алган акчалары билинбей эле жок болуп кетсе, быйыл эмгек өргүүсүнө чегерилген акчасы көп ишке жарап бергенин билдирди.

— Мурда эмгек өргүүсүнө чыкканда ашып кетсе 20-22 миң сом алчубуз. Маянабыз көбөйгөндөн кийин эмгек акыбыз 40 миң сомго жетти, ал эми эмгек өргүүсүнө чыкканда алган акчам 105 миң сом болду. Адегенде эле үй-бүлөбүз менен Ысык-Көлгө эс алууга бардык. Калганын үй тиричилигине жумшайлы деп пландап жатабыз. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, маяныбыз менен бирге жоголгон кадыр-баркыбызды калыбына келтирип берген Президентибиз Садыр Жапаровго чексиз алкышыбызды айтабыз, — дейт Венера Садыбакасовна.

Кемин районуна караштуу Чым-Коргон орто мектебинде 34 жылдан бери химия-биология мугалими болуп иштеп келаткан Айгүл Абдраманова, мугалимдерге көрүлгөн мындай камкордуктар мугалимдерди эки эсе күчтөнүп иштөөсүнө дем-күч берип, жоопкерчилигин да ошончолук жогорулатканын айтат.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер