ЭМГЕК АКЫ ТУУРАЛУУ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

  • 03.12.2019
  • 0

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү жакшыртуу, педагогикалык кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жана материалдык жактан стимулдоо максатында, Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10- жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери, бардык типтеги жана аталыштагы интернат мектептеринин тарбиячылары жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучулары үчүн саатына жараша эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө токтом жарык көргөнү белгилүү.

  • Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине саатына жараша эмгек акы төлөөнү жакшыртуу боюнча токтомду бардык мектептерде, бала-бакчаларда талкуулап жатышат. Эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн алдында уюшулган бухгалтериянын башкы эсепчиси Өмүрканова Дилара, экономист Сопубекова Мунара өзүлөрүнүн кызматкерлери менен райондогу мектептерге барып, мугалимдерге жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн саатына жараша эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жасашты. Билим берүү тармагында иштеп келе жаткан атайын орто, бакалавр, жогорку жана магистр багытында билими бар мугалимдердин бул мезгилге чейинки алган эмгек акылары жана октябрь айынан баштап көбөйгөндөн кийинки эмгек акылары, алардан кармалуучу  салык, кошумча төлөнүүчү акча каражаттары жөнүндө кеңири түшүндүрүштү. Мектеп мугалимдеринин кызыккан суроолоруна тармактын кызматкерлери жооп беришти жана агай эжейлердин түйшүктүү иштерине ыраазычылык билдиришип каалоо-тилектерин айтышты. Мындай түшүндүрүү иштеринин мектептерде, бала-бакчаларда жасалып жатканына мугалимдер, тарбиячылар ыраазычылыктарын айтышууда, — дейт мектеп директору Дайырбек Айдарбеков.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер