ЭМГЕГИН ЭЛ БААЛАГАН СОЦПЕДАГОГ

  • 09.06.2020
  • 0

Борборубуздагы Ак-Өргө конушунун тургундары, өзгөчө ата-энелер мындагы №77 орто мектебинин соцпедагогу Назгүл Кожакунованы жакшы билишет.

ЭМГЕГИН ЭЛ БААЛАГАН СОЦПЕДАГОГ

Акөргөлүктөрдүн айтуусунда, Назгүл Кожакунова өз кесибинин чыныгы устаты, анткени ал соцпедагог катары, мектепте болсун, социалдык чөйрөдө же үй-бүлөдө болсун окуучунун толук кандуу өнүгүшүнө зор салым кошуп, ата-энелердин, класс жетекчиледин ишенимдүү жардамчысына, акылкошчусуна айланды.

ЭМГЕГИН ЭЛ БААЛАГАН СОЦПЕДАГОГ
Назгүл эжей мектептин алдыңкы мугалими, окуучулар менен күн-түн дебей иш алып барган күжүрмөн тарбиячысы да экенин белгилей кетели.

— Назгүл эжей окуучулар, класс жетекчилер менен тыгыз байланышта иштейт. Окуучуларды жаман адаттардан алыс болууга чакырган бир топ иш-чараларды уюштурду. Карантин учурунда, бизге, класс жетекчилерге көрсөткөн көмөгү да баа жеткис болду, — дейт 3″д» классынын класс жетекчиси Салтанат Исембаева.

ЭМГЕГИН ЭЛ БААЛАГАН СОЦПЕДАГОГ
Чындыгында эле, акөргөлүк соцпедагогдун күжүрмөн эмгеги айрыкча, карантин мезгилинде эл көзүнө даана көрүндү.
Ал өз өмүрүн тобокелге салып, карантин шартында материалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөлөргө барып, демөөрчүлөр тарабынан берилген беткап, антисептиктерди, ал эми окуу шарты жок үй-бүлөлөргө мектептеги телевизорлорду жеткирип берди.
Мындан сырткары, карантин учурунда томолой жетим, мүмкүнчүлүгү чектелген же ата-энелери мигрант окуучулар менен телефон аркылуу байланышып, айрымдарынын үйүнө барып,
психологиялык жардам көрсөттү.

ЭМГЕГИН ЭЛ БААЛАГАН СОЦПЕДАГОГ
Учурда «Үйдө бол!» акциясынын алкагында ИДН кызматкерлери менен биргеликте компьютердик клубдарды көзөмөлгө алууда.
А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер