ЭМГЕГИ МЕНЕН ТААНЫЛГАН МУГАЛИМ

  • 18.08.2021
  • 0

Кулипа Мамбетова Бишкек шаарындагы №55 орто мектепте бир топ жылдардан бери окуучуларга көркөм өнөр, технология сабактарынан билим берип келүүдө.

Айрымдар качан ардактуу эс алууга чыгам деп ашыгат эмеспи. Биздин бүгүнкү каармандын педагогдук ишкердигинин жаңы жана кызыктуу барагы эс алууга чыккандан кийин башталды.

— Өмүр бою мектепте балдарга физиканы окутуп келдим. Эс алууга чыгып, шаарга көчүп келгенден кийин, кесиптешим Бактыгүл эже: «Кыздарга эмгекке үйрөтүү предметинен мугалим керек экен, ушундан сабак берип көрбөйсүңбү?» деп калды. Үйдө олтурганда эмне! Ойлонуп көрүп, макул болдум, — дейт ардагер мугалим.

Анан дароо бул предмет боюнча окуу программасын издеп таап, сабактарына даярдана баштайт.
— Кызыгы, бул предмет боюнча мугалимдер үчүн усулдук колдонмолор сейрек экен. «Кутбилим сабакты» карап, андан да сабак иштелмелерин  таппадым,- дейт тажрыйбалуу педагог.

Ошентип, мугалим чыгармачылык изденүү жолуна түшөт. Шаардагы бул предметтен мыкты делген мугалимдердин сабактарына катышып, предметтик семинарларды калтырбаганы азыр мактоого татырлык жумуш. Өзү да ачык сабактарды өтүп, кесиптештери менен бөлүшүп турду. Деги эмгектен, эмгектенүүдөн качкан жок!

— «Кутбилим сабакка» ондогон сабак иштелмелерим чыкты. Ар бир сабак иштелмем жарык көргөн сайын, кубанып жаттым. Бул да мага дем берди, — дейт эмгекчил мугалим.

Жакында эжейден дагы бир кубанычтуу кабар уктук. Мээнеткеч мугалимдин технология предмети боюнча мугалимдерге арналган усулдук колдонмосу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылып, өзүнчө китеп болуп чыкканы жатыптыр. Ийгиликтериңиз арбый берсин, Кулипа эжей!

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер