ЭМГЕГИ ЭЛДИН ЭСИНДЕ

  • 30.09.2020
  • 0

Нукура педагог, өз кесибинин чыныгы устаты, төрт кыз, эки уулдун мээримдүү апасы,17 небере, үч чеберенин ардактуу энеси Ибадат Касымбекованы 9-июлда пневмония илдети арабыздан алып кетти. ЭМГЕГИ ЭЛДИН ЭСИНДЕ

Эки уулуңа, төрт кызыңа күн элең,

Асман элең ак булуттуу туптунук.

Баатыр элең анча-мынча жеңилбес,

Калдың эле кайсыл ооруга тутулуп, — деп жазат эң кенже кызы Нуркан асыл апасын жоктоп.

Аттиң дүйнө! Ибадат эжей ушул күркүрөгөн күздө 70 жылдык торколуу тоюн бермек экен.

-Карантин күндөрү айылда интернет кээде жакшы тартпай, балдарда смартфон жок, болсо да керектүү zoom программаларга кире алышпай, кыйын эле болуп жатты… Апамдын ошондогу эмгегин көрүп, маареке тоюна ноутбук алып берели деп жүргөнбүз. Тилеке каршы, биз ошол максатыбызга жетпей калдык, — дейт маркумдун кызы Гүлжан Амираева.

ЭМГЕГИ ЭЛДИН ЭСИНДЕ

Гүлжан Амираева өзү кесиби боюнча педагог болбосо да, аны Сузактык мугалимдер жакшы билишет. Ал бир топ жылдар бою биздин гезит менен район мугалимдерин байланыштырган жападан жалгыз көпүрө болуп, өзү ачкан Интернет борборунан «Кутбилим сабакка» агай-эжейлердин сабак иштелмелерин өз убагында кечиктирбестен жөнөтүп турду.

Бирок бир да жолу «Апамдын сабак иштелмесин чыгарып бергиле» деген эмес. Көрсө мындай жөнөкөйлүк, биринчи элдин иши бүтсүн деген үлгү аларлык сапат мугалим апасынан оошуптур.

Апасы Касымбекова Ибадат Боржуевна 1949-жылы Сузак районуна караштуу Ак-Кыя айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келет. Кийинчерээк ата-энеси Катраңкы айылына көчүп келип, сегиз жылдык мектепте иштеп калышат.

Апасы Ибадат Касымбекова сегизинчи классты аяктап, Жалал-Абад шаарына А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайга тапшырат. Көп өтпөй Жалгыз-Жаңгак (мурдагы Комсомол) айылына Амираев Жамшитбекке турмушка чыгат. Ошондон баштап атасы экөө ээрчишип Николаев, Панфилов, андан кийин Көк-Арт орто мектебинде иштеп калат.

— Атам Панфилов мектебинин күчтүү математиги эле, мындан 19 жыл мурун каза болуп калды. Атабыздын жоктугун билдирбей, апам бизге ата да, эне да болду, — дейт мугалим жубайлардын кызы Гүлжан. ЭМГЕГИ ЭЛДИН ЭСИНДЕ

Иштемчил мугалим Ибадат Касымбекова дүйнөдөгү эң байыркы кесип — мугалимдик кесиптин миң түрлүү сырларын Жалал-Абад шаарындагы А.С. Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайдан окуп үйрөнөт.

Эң мыкты агай-эжейлердин колунан таалим алган Ибадат эжей кийин мотурайган балдарга сабак берүүдө, акыл-насаат айтып, таалим-тарбия берүүдө болсун эч бир кыйналбайт.

ЭМГЕГИ ЭЛДИН ЭСИНДЕ

Бирок «мезгил талабынан калбай жаңыны билсем, үйрөнсөм» деген тилеги ишке ашып, 1994-жылы Кыргыз билим берүү академиясынан кесиптик кайра даярдыктан өтүп, «кыргыз тили жана адабияты мугалими» адистигине ээ болот.

Ошондон тарта Сузак районундагы №10 «Көгарт» гимназия класстары бар жалпы билим берүүчү мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштей баштайт.

Мурда далай жылдар башталгыч класстарда эмгектенсе, ушундан тарта жогорку класстарга өз адистиги боюнча сабак берет. Жаңы предмет, жаңы талап дегендей, ар бир сабагына тыкан даярданып, тез эле улан-кыздардын сүйүктүү эжейине айланат.

ЭМГЕГИ ЭЛДИН ЭСИНДЕ

Эмгекчил мугалимдин агартуучулук эмгеги татыктуу бааланып, райондук, областтык билим берүү бөлүмүнүн жана айыл өкмөтүнүн Ардак баракчаларына, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасына, «Улуу мугалим» (1988), «Алдыңкы тажрыйба мектебинин автору» (1993), «Эл агартуунун отличниги» (1995), «Ардагер мугалим» төш белгисине ээ болот.

Бирок нукура педагог Ибадат Касымбекова бардык сыйлыктардын өзү билим-тарбия берген окуучуларынын сый-урматын жогору койчу.

-«Мени окуучуларым сыйлап алат. Аларга ишенем» дечү апам. Айтканындай болду! Мурунку окуучуларынын жазган эскерүүлөрүн көзүбүзгө жаш алып окудук. Эң биринчи окуткан классы эжейине эстелик койду, — дейт Гүлжан.

ЭМГЕГИ ЭЛДИН ЭСИНДЕ

1968-жылдан бери мугалимдик кесипте талыкпай иштеген Ибадат Касымбекованы кесиптештери билимдүү, жоопкерчиликтүү, адамгерчиликтүү, кичипейил инсан, мыкты адис катары эскеришет.

Мектеп директору Шамшидинова Дилбар кыргыз тили жана мугалими Касымбекова Ибадат окуучуларга сапаттуу билим жана тарбия берүүдө ар убак алдыңкы сапта болгонун, мектептеги ар кандай коомдук иштерге активдүү катышып, методикалык бирикмелерде, семинарларда өзүнүн иш тажрыйбаларын жайылтып келгенин айтат.

— Бир топ сыйлыктардын ээси Ибадат Касымбекова насаатчы катары өз тажрыйбасын жаш мугалимдер менен бөлүшүп, алардын кесиптик компетенциясына зор салым кошту, — дейт мектеп директору.

Ал эми мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Арапова Шарипа мугалимдин насаатчылык ишине жогору баа берет. — Ибадат эжейдин жабдыган кабинети, көрсөтмөлүү сабактары жогорку деңгээлде болчу. Жаш педагогдор эжейдин сабагына катышып, көп усул-ыкмаларды үйрөнүшчү, — дейт мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы.

Мектептин психологу Чоткараев Базарбай эжейдин жөнөкөй адамгерчилик сапатына, кесиптештерине, окуучуларга жасаган жылуу мамилесине жогору баа берсе, кыргыз тили жана адабияты мугалими Абдыкадырова Үмүт эжейдин кесипкөйлүк, адамгерчилик сапаттары бийик болгонун эскерет.

ЭМГЕГИ ЭЛДИН ЭСИНДЕ

Ардактуу мугалимдин эки уул, төрт кызынын баары жогорку билимге ээ болушкан. Азыр баары үй-бүлөөлүү, бала-чакалуу, эл чарбасынын ар кандай тармагында эмгектенишет.

— Баары бар дейин десең, төрүбүздө олтуруп, сыйыбызды көрөр апабыз жок. Бирок апам айткан акыл-насаат, апам берген таалим-тарбия калды. Апам окуткан жүздөгөн окуучулары бар. Ошого каниет кылабыз, — дейт ардагер мугалимдин кызы Гүлжан Амираева.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер