ЭЛЬМУРЗА САТЫБАЛДИЕВГЕ ДАГЫ ИШЕНИМ КӨРСӨТҮЛДҮ
- 24.07.2026
- 0
23-июлда Бишкек шаарындагы Hayatt Regency мейманканасында Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясынын V отчёттук-шайлоо конференциясы болду. Конференцияга федерациянын Аткаруу комитетинин мүчөлөрү, түрдүү лигалардын башчылары, облустук федерациялардын президенттери, спорт клубдардын жетекчилери жана спорт ардагерлери катышты.
Волейбол — улуттук таасирдүү спорт түрүнө айланды.
Шайлоо процедурасына киришүүдөн мурда катышуучулар 2021–2025-жылдарга карата аткарылган иштер боюнча отчётту угушту. Отчеттук докладды федерациянын башкы катчысы Кылыч Сарбагишев жасады.
« — Биздин ар бирибиз өлкөдөгү волейболдун өнүгүшүнө өз салымыбызды коштук. Негизги милдетибиз — өлкөнүн каалаган тургуну волейбол ойной алгыдай шарт түзүү. Машыгуулар үчүн акча албайбыз. Дүйнөлүк федерациялардын көбү (ал эми дүйнөдө алардын саны эки жүздөн ашат) көңүлүн улуттук курама командалардын чыгууларына бурушат, ал эми биздин философия башкача — биз бул спорт түрүн ар бир аймакта, айылда, спорт аянтында ойношун каалайбыз.
Учурда улуттук чемпионат эки миңге чукул балдар командасынын катышуусу менен аяктады! Жаш өспүрүмдөргө басым жасап жаткандыктан “Мектеп лигасында” эле быйыл 1600гө жакын мектеп командалары катышты. 14-15-16 жаштагы өспүрүмдөрдүн миңден ашык командаларынын ортосундагы мөрөй талашуулар курч мүнөздө өтүп келүүдө. 7 миллион калкы бар өлкө үчүн бул абдан чоң көрсөткүч, эң башкысы — бул балдардын волейболго кызыгуусу улам жогорулап баратат. Улан-кыздардын эле 3 миңге чукул спорт клубдары бар. Мисалы, чакан Талас облусунда эле 80ден ашуун команда болсо, ал эми Ошто 600дөн ашуун команда бар. Кыргызстандын чемпионатында тандалган 46 команда күч сынашты. Бизде «Энелер лигасы», «Дилгир лигасы» сыяктуу сонун долбоорлор ийгиликтүү иштеп жатат. Сүймөнкул Чокморов атындагы маданият кызматкерлери арасындагы «ART» Лига жылына эки жолу (жазда,күздө) С. Чокморовдун туулган күнүнө карата ноябрда өткөрүү салтка айланган. Ошондой эле+35, 40, 45, 50-55-60-65 жаш курактагылардын жана ардагерлердин өзүнчө лигалары жаштарга үлгү. Бул — жылына 340 оюн күнү дегенди билдирет. Отчёттук мезгилде биздин улуттук курама команда көптөгөн мелдештерге катышып, медалдар менен кайтышты. Кыргызстандын спорттун командалык түрлөрү боюнча кум үстүндөгү волейболдон кыздар командабыз Мексикада өткөн дүйнө чемпионатына катышып, 17-орунду ээлеп келишти. Азиядагы командалар арасында рейтингде эркектер командабыз 10-орунда, кыздар командабыз 15-орунда турат. Эми кыздар жана жигиттер командасы Жапонияда өтө турган Азия оюндарына катышууга даярдык көрүүдө.
Эки жылдык квалификациялык мелдештерден ийгиликтүү өтүп, Кыргызстандын эркектер жана кыз-келиндер улуттук курама командалары быйыл сентябрда Жапонияда өтө турган Азия оюндарына жолдомо алышты. Азиянын 65 өлкөсүнүн арасынан эң күчтүү 16 команда гана Азия оюндарына катышуу укугуна ээ болду. Кыргызстандын эки курама командасынын тең бул абройлуу мелдешке катышуусу – өлкөбүздүн волейбол тарыхындагы чоң жетишкендик жана улуттук спортубуздун өнүгүүсүнүн айкын көрсөткүчү. Эмки Азия чемпионаты 2028-жылы Лос-Анжелесте өтчү жайкы олимпиадалык оюндарына тандоо туру катары өткөрүлөт. Соңку 4 жыл ичинде машыктыруучуларыбыз жана калыстар үчүн бир нече эл аралык семинарлар уюштурулуп, Эл аралык волейбол федерациясынын адистери окуу- машыгуу жыйындарын өткөрдү. Өлкөбүздө эл аралык турнирлерди өткөрүү демилгелерин дагы көтөрүп жатабыз. Бизде долбоорлор абдан көп жана андан ары да өлкөбүздө волейболду өнүктүрүүгө бардык аракеттерибизди жумшай беребиз, -деди Кылычбек Сарбагишев.
Мыкты команда иштеп жатат
Ошондой эле Кыргызстандагы волейболдун өнүгүшүндөгү оң учурларды “Дордой” спорт клубунун жетекчиси Шаршен Касенов да белгилеп өттү:
«Менин бүткүл жашоом спорт менен байланыштуу, — деди Шаршен Касенов. — Бүгүн федерациянын жыйынына катышып жатканыма кубанычтамын. Федерацияга Эльмурза Сатыбалдиевдин президент болушу менен волейбол жаңы өмүр сүрүп, өнүгүп-өсүү доору баштады, бардыгы жакшы тарапка өзгөрүп, ийгиликтер жаралууда.
Волейбол — элдик оюн, анын аянтчалары чакан айылдарда жана чакан мектептерде да бар. Түнгө чейин апалар, аталар спорт залдарында волейбол ойношот. Бардыгы уюшкан мүнөзгө ээ болду, анткени мыкты команда иштеп жатат. Ийгилик каалайм, мунун баары жогорку жетишкендиктерге өбөлгө болуп саналат. Биз азыр Казакстан менен тең тайлашып, Азиянын күчтүү командалары менен атаандашып калдык. Кыргызстанда спорт жогорулоо жолунда».
Кыргызстанда волейбол оюнун өнүктүрүүгө жана кадрларды даярдоого зор салым кошкон Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын мурдагы биринчи проректору, профессор Аскаралы Наралиев дагы соңку жылдардагы ийгиликтерди баса белгилеп, федерация жетекчиси Эльмурза Сатыбалдиевдин ишмердигине жогору баасын берди.
-Акыркы жылдары өлкөбүздө спорттун ар кыл түрлөрүнө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп келет. Бирок волейболдун бүгүнкү жетишкендиктери, анын эл аралык аренада Кыргызстандын атын таанытып, кадыр-баркын көтөрө алышы — биринчи кезекте Эльмурза Ракиевичтин күчтүү менеджерлиги, командасынын үзүрлүү эмгеги жана туура стратегиясынын натыйжасы десек жаңылышпайбыз. Бүгүнкү күндө волейбол Кыргызстанда жөн гана спорттун бир түрү болбостон, эл эң көп кызыккан жана массалык түрдө өнүгүп жаткан оюндардын бирине айланды. Өлкөнүн бардык аймактарында миңдеген балдар,айрыкча мектеп окуучулары, жаштар жана чоңдор волейбол менен машыгып, анын популярдуулугу жылдан-жылга өсүүдө. Федерациянын жүргүзгөн туура саясатынын жана талыкпаган эмгегинин жыйынтыгы деп билсек болот. Мен үчүн эң кубанганым,ишти мыкты уюштура билген, калыстыкты туу туткан, ар бир адамга бирдей мамиле жасаган жетекчинин туура тандалышы ийгиликтин башаты. Мындай инсан турган жерде акыйкаттык, биримдик, өнүгүү жана ийгилик, жеңиштер дайыма болот, -деди Аскаралы Наралиев.
Конференциянын күн тартиби боюнча жетекчини шайлоо маселеси коюлуп, президенттик орунга бир талапкер- Эльмурза Сатыбалдиев көрсөтүлдү.
Конференциянын делегаттары анын талапкерлиги үчүн бир добуштан “макул” деген добуш берди. Бешинчи ирет удаасы менен кaйра шайлангандан кийин федерация президенти Эльмурза Сатыбалдиев өлкөдө волейболду өнүктүрүүгө көмөктөшкөн бардык инсандарга ыраазычылык билдирди.
Маалымдай кетсек, Эльмурза Сатыбалдиев 2009-жылы алгачкы жолу волейбол федерациясынын президенти болуп шайланып, 2013-2017-2021-жылдары кайрадан президент болуп шайланган.
Генерал Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Салам-Алик айылында 1966-жылы 13-мартта туулган. 2001-2006-жылдар аралыгында Кемин районунун, Жайыл районунун, Ысык-Көл облусунун прокурору болуп, УКМКнын төрагасынын орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн. Эльмурза Сатыбалдиев 2007-жылдын 29-мартынан тартып 2009-жылдын 23-ноябрына чейин баш прокурор болуп кызмат кылган. 2009-жылдын 23-ноябрынан 2010-жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын президентинин коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген. Ал эми 2014-жылдын 25-июлдагы Апрель окуясы боюнча соттук отурумда Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун чечими менен Элмурза Сатыбалдиев 10 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынган. Ал «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Бишкек шаардык соту 2 жылдан кийин ишти кайрадан карап чыгып, 2016-жылы актаган. Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болгон. Кыргызстанга эмгек сиңирген юрист. Федерацияны Азиядагы мыкты уюм катары таанылышына зор салым кошуп келүүдө.
2029-жылы Кыргыз волейболуна 100 жыл болот. Конференцияда кылымдык мааракеге азыртан даярдык көрүү сунуш-пикирлери дагы айтылды. Чынында эле волейбол элдик оюнга айланды. Азыр ушул учурда ар бир спорт залда волейбол ойнолуп жатат. Бул спорт -элди ынтымакка бириктирген данакер болуп келет.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
спорттук баяндамачы, (Атайын «Кут Билим» медиа борбору үчүн)
Комментарийлер