ЭЛГЕ КОЛ СУНГАН АГАРТУУЧУЛАР

  • 16.09.2022
  • 0

Баткен районунун Кара-Токой айылына учурда чек арадан качып барган эки миңден ашуун киши жайгашты. Аларга айылдын Б. Мергенов атындагы орто мектебинин жамааты таңдан бери кызмат кылууда.

Мектептин директору Гайназаров Ибраим эртең менен чек арада атышуу башталды дегенде эле эмгек жамаатын чогултуп, жыйын өткөрүп даярдык көрө баштаган.

  • Эртең менен саат алты жарымда эле жамаатты чогултуп, акча топтоп, тамак-ашты камсыздап койгонбуз. Азыр эки миңдей киши келди. Баарын айылдагы үйлөргө жайгаштырдык. Калган эки жүздөйүн мектепке жайгаштырып жатабыз. Саат төрткө чейин келгендердин баарын өзүбүз тамак менен камсыздадык. Азыр эми кечки тамакты айыл эли менен биргеликте даярдап жатабыз. Буюрса, биздин айылга келгендер эч нерседен кем болгон жок. Психологдорду да алып келдик. Таң эртеден бери биздин мектептин жамааты ушул жерде кызматта, — дейт мектеп директору.

Азыр Гайназаров Ибраимдин өзүнүн үйүндө да элүүдөн ашык киши бар.

  • Биз Баткен шаарында турабыз. Алгач алыстан атышкан үндөрдү угуп, качпай эле отуруп туралык, басылып калар деп өзүбүздү сооротуп жатканбыз. Анан шаардын өзүнө снаряддар түшө баштаганда качып чыктык. Эки баламды алып көчөгө чыксам, портерлер кетип жатыптыр, ошолор ала кетишти. Азыр Гайназаров Ибраимдин үйүндө элүүдөн ашык адам бала-чакабыз менен отурабыз. Агайдын үй-бүлөсүнө рахмат, ушунча адамга тамак-ашын берип, эч нерседен кем кылбай карап жатат. Азыр өзү жок. Мектепте жүрөт дешти. Башка качып келгендерди ошол жакка жайгаштырып жатышыптыр, — дейт Жумабаева Зульпия.

Зульпия өзү дагы мугалим. Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте иштейт.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер