ЭЛЕТТИК МЕКТЕПТЕР БАКЧАЛАРДАН АЛГАЧКЫ ТҮШҮМДҮ АЛА БАШТАШТЫ

  • 25.10.2021
  • 0

Элеттик мектептер мектеп бакчаларынан алгачкы түшүмдү ала башташты

Кыргыз Республикасындагы Мерсико, мектеп тамагынын маанилүүлүгүн эске алып, соңку 10 жылдын ичинде башталгыч класстын окуучуларынын ысык тамагын жакшыртууга багытталган программаларды жигердүү колдоп келе жатат. Мак Говерн-Доулдун «Билим берүү үчүн азык-түлүк жана балдар азыгы» эл аралык программасына кошумча катары Мерсико 2016-жылдан тартып 155 элеттик мектепти камтыган «Балдар азыгы үчүн туруктуу мектеп алдындагы мектептер» долбоорун ишке ашырып келүүдө.

Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу, мектеп бакчаларын түзүү үчүн долбоордун максаттык мектептерине техникалык жана консультациялык жардам көрсөтүлдү.

155 мектептин 40 гектар жер тилкесинде 15 миңден ашуун алма, алмурут, өрүк, кайналы, курма сыяктуу жемиш бактары тигилди. Бакчаларды сактоо үчүн долбоор боюнча мектептер тосмо жана сугат системасын орнотуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Долбоордун жүрүшүндө мектептин администрациясынын, персоналдын, ата-энелердин жана коомдоштуктардын тургундарынын курамындагы мектептердин командалары тренингдер жана агрономдордун менторлугу аркылуу жемиш бакчасынын бюджетин пландоодон практикалык көндүмдөрдү алууга чейинки билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Окутуу программасы жемиш багын туура багып-кароо үчүн 7 эң зарыл темада багбанчылык боюнча тренингдер циклын жана жемиш бактарын өстүрүүнүн агротехникасы боюнча материалдарды камтыды.

Бул этапта долбоордук мектептердин 30 пайыздан ашууну мектеп бакчаларынан мектеп ашканасы үчүн колдонула турган алгачкы түшүмдү ала баштады.

Долбоордун алкагында түшүмдү майнаптуу пайдалануу үчүн Мерсико бардык мектептерди жашылчалар жана жемиштер үчүн кургаткыч аппараттар, бакча буюмдары жана бутагычтар менен камсыздады. 155 мектептин 34үндө тамчылатып сугаруу системасы орнотулду.

Жергиликтүү коомдоштуктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жигердүү катышуусу жана долбоорду ишке ашырууга мектептердин салымы мектеп бакчаларын түзүүдөгү ийгилик факторлорунун бири болду.

КР БИМ басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер