ЭЛЕТТИК ЭМГЕКЧИЛ МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИ БААЛАНДЫ

  • 03.10.2021
  • 0

Кара-Суудан дагы бир жагымдуу жаңылык алдык. Мугалимдердин кесиптик майрамын белгилөө салтанатында райондогу №70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинин ардактуу мугалими Инаят Жамангулова агартуу майданындагы үзүрлүү эмгеги үчүн райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамотасы менен сыйланды.

ЭЛЕТТИК ЭМГЕКЧИЛ МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИ БААЛАНДЫ

Элеттик эмгекчил мугалим бир топ жыл мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Учурда жогорку класстардын окуучуларына кыргыз тили жана адабиятынан сабак берет. Эне тилге болгон ак кызматы убагында татыктуу бааланып, Президенттин алдындагы мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын Ардак грамотасына, «Ыйык тил» төш белгисине ээ болгон. Күнүмдүк сабактардан тышкары Инаят Жамангулова жаш педагогдорго насаатчылык иштерин да аткарып келет.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер