ЭЛЕСИ ЭСТЕ ТОКОМДУН!

  • 13.03.2020
  • 0

ЭЛЕСИ ЭСТЕ ТОКОМДУН!

 

 

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери, “Даңк “ медалынын ээси, тарых илимдеринин доктору, профессор Өмүрбеков Токторбек Наматбековичтин   65 жылдык мааракесине арналган курсташтардын эскерүүсү.

Биздин алгачкы таанышуубуз бардык жаштардын турмуш жолундай эле, тээ алыскы студенттик күндөрдөн башталган.

Ошол 1973 — жылы Кыргыз Мамлектеттик универстетинин атагы алыска кеткен тарых факультетинин студенти болуп, күз айларында айыл чарба жумушуна, шаарыбызга коңшу жайгашкан Маевка совхозуна бардык. Айыл чарба жумушунда, бири бирибиз менен жакшылап тааныштык, кимдин ким экенин биле баштадык.

Айыл чарба жумуштары аяктагандан кийин курсташтардын көпчүлүгү 9-кичи райондо жайгашкан №9 жатаканадан орун алып жашаганбыз.

Жатаканада курсташтар: Ташмамбет, Турдубек, Шекербек, Эмил, Токторбек, Асанбек, Куралбек, Таалайбек, Акунжан, Орозалы, Жумабек, Акчал жана биздин периштедей сулуу кыздарыбыз Айна, Ася, Анита, Шарапат, Акпари, Бурма, Света, Алымкан, Насипа, Кулжамал ж.б. жашаганбыз. (Аты аталбай калган курсташтардан кечирим сурайбыз).

Көпчүлүгүбүз айыл жериндеги мектептерди кыргыз тилинде бүтүргөндүгүбүзгө байланыштуу, илимий окуу китептери орус тилинде болгондуктан бир топ убактыбыз кыргызчага которгонго кетип калчу. Ошого карабастан Токо досубуз которуп алган тексттерин конспектилеп алып, терең кызыгуу менен курсташтар менен бөлүшүп, маселени түшүндүрүп бергендери эсибизде.

Окуу процесси өз кезеги менен өтүп, биз илимге, билимге сугарылдык. Бизге терең билим берген, адамдык мыкты сапаттарга тарбиялаган агай — эжейлерибиздин катарында : ошол мезгилдеги факультеттин деканы, профессор А.Сраждинов, кийин декан болуп шайланган, профессор Б.Чокушев, кафедра башчылары профессорлор А.Хасанов, Б.Зима, А.Чукубаев, А.Рыскулов
жана профессор эжейлерибиз Есенгараева, Р.Дооронбекова, В.Петровец, Ж.Момбекова ж.б. бар эле. Биз, курсташтар ошол кездеги факультеттин жалпы окутуучу- профессордук жамаатына, терең урматтоо менен ыраазычылыгыбызды билдирип келебиз.

Мына ошентип студенттик күндөрүбүз учкан куштай тез өтүп, 1978-жылы универстетти ийгиликтуу аяктадык. Бүтүрүүчү курста окууну артыкчылык дипломдору менен аяктаган студенттердин катарында, албетте, биздин досубуз Током да бар эле.

Окуу жайын артыкчылык дипломдору менен аяктаган курсташтардын ичинен Өмүрбеков Токторбек жана  Кененсариев Ташмамбет мыкты бүтүрүүчү катары тарых факультетине окутуучулук кызматка калтырылды. Бул эки курсташыбыздын университетте окутуучу болуп калтырылгандыгына, биз, курсташтар жалпы кубанганбыз жана сыймыктанганбыз, алардын иштерине чоң ийгиликтерди каалаганбыз. Келечекте алар мыкты окутуучу, чыгаан илимпоз болооруна биз ошондо эле ишенгенбиз. Жогоруда Токторбек курсташыбыз менен бирге өткөргөн студенттик күндөр жөнүндө азын оолак сөз кылдык.

Эми тарых илимдеринин доктору, профессор Өмүрбеков  Токторбек Наматбековичтин иштеген иштери, анын илимий жактан жетишкендиктери жөнүндө сөз кылалы. Жалпылап айта турган болсок, профессор Токторбек Өмүрбеков тарабынан 180 ден ашык илимий эмгектер, анын ичинде алты монография, 15 тен ашуун окуу китептери менен методикалык колдонмолор жазылган. Алып айтсак, Током 2004-ж. “Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду”, 2005-ж. ”Атаке баатыр баяны”, 2014-ж. ”Эл башылар эрендер жана эл тарыхы”, 2015-ж. “Кыргыз тарыхы: калмак, казак, Кокон хандыгынын кастыгы. Азаттык наркы” аттуу илимий монографияларын жарыялады. Андан сырткары жалпы билим берүүчү орто мектептин 6-7-8-класстары үчүн Чоротегин Т.К. менен авторлошуп жазган «Кыргызстандын тарыхы» окуу китеби, кыргыз, орус, өзбек тилдеринде 1996-2010–жж. үч ирет басылып, Республикада негизги окуу китеби катары колдонулуп келет. Ошондой эле, Током 6-класстын «Байыркы дүйнө тарыхы» окуу китебинин авторлорунун бири. Жогорку окуу жайлары үчүн да бир нече окуу китеби жана бир нече окуу- методикалык окуу курамалары жарыялаган. Айрым илимий макалалары кытай, орус, турк, англис, немец тилдеринде жарыяланган.Токторбектин эл аралык тарыхчылардын арасында да аброю чоң болгон. Россияда, Кытайда,Түркияда,Германияда, Казакстанда, Өзбекстанда ж.б. өлкөлөрдө өткөрүлгөн эл аралык илимий конференцияларга, симпозиумдарга, конгресстерге катышкан жана мазмундуу илимий баяндамаларды жасаган.

Профессор Токторбек  Наматбекович өзүнүн 40 жылдан ашык эмгек жолунда Кыргыз тарыхын илимий жактан изилдөөдө өз илимий мектебин түптөөгө жетише алган. Токомдун илимий жетекчилиги аркасында ондон ашык кандидаттык диссертациялар корголгон жана  бир нече докторлук диссертацияларга консультант катары баалуу илимий кеңештерин берип келген. Учурда Токторбектин мектебин бүтүргөн жогорку квалификациялуу адистер, өлкөбүздүн ар кандай тармактарында эмгектенип келишет.

Током 1986-жылы Казак мамлекеттик университетинде «Жети Суудагы элдердин XX- кылымдын башындагы улуттук кыймылга катышуусу (1900-1917 жыл)» деген темада кандидаттык диссертациясын коргошу, ХХ-кылымдын 80-жылдарындагы улуттук боштондук кыймылдарына болгон көз карашты, мамилени түп тамырынан бери өзгөрттү.

Ал эми 2004-жылы Током инсан таануу жаатында «Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду (XIX-к. ортосу XX-к. башы)» аттуу докторлук диссертациясын ийгиликтуу коргогон.

Ошондой эле, 1992-жылы Токторбек досубуз белгилүү тарыхчы Т. Чоротегин менен бирге Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын колдоосу менен «Түндүк Кыргызстандын Орусияга каратылышы: 1855-1868 жж.» аттуу эмгегин жарыялашкан Бул эмгекте, авторлор советтик доордо кыргыз тарыхына таңууланган «Түндүк Кыргызстан Орусияга өз ыктыяры менен 1855-1863-жылдары кирген» деген жоромолго каршы көз караштарын жарыялашкан.

Чындыгында, Током пост советтик мезгилдеги кыргыз тарыхчыларынын арасынан суурулуп чыккан, кыргыз тарых илиминин өнүгүшүнө опол-тоодой салым кошкон, ал өзү көп колдонгон термин менен айтканда, ЧЫГААН тарыхчы эле. Профессор Токторбек Наматбекович 21-кылымдагы кыргыз тарых илиминдеги негизги актуалдуу проблемаларды көрө, туя билген окмуштуулардын бири эле. Ал өмүрүнүн акыркы жылдарында кыргыз тарых илиминдеги методологиялык маселелерге көп кайрылып, омоктуу ой пикирлерин билдирип келген. Өзгөчө ал «атың чыкпаса жер өрттө» болгон , тарыхты бурмалагандарды катуу сындап, алардын оңой олтоң атак даңкка ээ болушка жасаган аракеттерин жийиркенүү менен айтаар эле. Токомдун пикири боюнча, кыргыз тарых илиминдеги орчундуу проблемалардын катарына: кыргыз тарыхынын башаты, баскычтары, элибиздин этногенези, эзелки мекени, мамлекеттүүлүктүн баскычтары, инсандардын тарыхтагы орду жана ролу, боштондук көтөрүлүштөрү, көчмөндөр цивилизациясы, санжыра, уламыштарды модернизациялоо ж.б. маселелер кирген.

Токторбек Өмүрбековдун дагы бир өзгөчөлүгүн баса белгилеп кете турган жагдай, досубуздун өмүр бою бир гана Жогорку окуу жайында, Кыргыз улуттук универстетинде эмгектенгендиги болуп эсептелет. Анын эмгек китепчесинде бир гана жазуу бар. Ал жазуу «Өмүрбеков Токторбек Наматбекович Кыргыз улуттук универстетине кызматка алынды» деген ректордун буйругу болуп эсептелет. Током биз менен маектеше келгенде: «Мен өзүмдүн жашоомду КУУнин тарых факультетисиз элестете албайм» деп көп айтаар эле. Чындыгында Током университеттин, факультеттин анык, чыныгы патриоту эле.

Токторбек Кыргыз улуттук универстетинде катардагы окутуучудан баштап, кафедра башчысы, декан, КУУ нин проректору кызматтарын аркалап иштеп келди. Ал өзгөчө декан болуп иштеген жылдары өзүнүн уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алды. 2000-2007-жж. аралыгында КУУнин базасында бир нече Эл аралык илимий конференциялар чоң ийгилик менен өткөрүлгөн.

Токторбек Өмүрбековдун кыргыз тарыхы изилдөөдөгү жетишкен ийгиликтери жана педагогикалык жааттагы ишмердиги, эмгекчилдиги, кыргыз тарыхын изилдөөгө кошкон салымдары жогору бааланып, Билим берүү министрлигинин «Ардак грамотасы», «Элге билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери» деген жогорку наамдарга, Мамлекеттик сыйлык «ДАңК» медалы менен сыйланган. Токо досубуз өзүнүн илимий эмгектери менен Кыргызстандын тарыхына жаңыча көз караштарды жайылтуучулардын баш сабында болду десек эч жаңылышбайбыз.

Ошентип, курсташтардын ортосунда окуу жайын бүтүргөндөн кийин да байланышыбыз уланып, үй-бүлөлүк карым-катнашыбыз да уланган. Токо достун үйүнө Ташыкем, Асанбек, Акунжан Турдубек, Таалайбек, Жумабек, Акчал, Жумгалбек ж.б. курсташтар көп барар элек. Токторбек менен Жаңыл меймандос, сыйчыл, адамкерчиликтүү сапаттары менен тасмалдарын кеңири жайып, берешендүүлүгүн көрсөтүү менен жакшы тосуп алуучу. Биздин оюбузча курсташтардын ынтымагы бекем, жылдан жылга чыңдалып келет. Факультетти аяктаганыбыздын 10, 20 ,30 жылдыктарын белгиледик. Ошол иш чараларды уюштурууда да, Током өз жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, штабдын башында турган. Тилекке каршы, Током ден соолугуна байланыштуу 40, 41 жылдыкты белгилегенде, биз менен чогуу боло албай калды.

Токторбек досубуз кыска өмүрүнүн учурунда, курсташ катары өзүнүн үлгүлүү жүрүм-туруму, эмгекчилдиги, илимге берилгендиги аркылуу бизге дем берип турчу. Током инсан катары мыкты адам эле. Эч качан адамдын көңүлүн оорутуу дегенди билген эмес. Колунан келген жакшылыкты эч кимден аячу эмес.

Курсташтар сыймыктанган досубуз, чыгаан окумуштуу, кыргыз таануучу
Өмүрбеков Токторбек Наматбековичтин жаркын элеси түбөлүк эсибизде калат.

Курсташтардын атынан:
А. Абдрашев,
Т. Шейшеканов

 

Бөлүшүү

Комментарийлер