ЭЛЕКТРОНДУК ТЕСТ – ОКУУЧУЛАРДЫН БИЛИМ САПАТЫН АНЫКТАЙТ

  • 29.11.2017
  • 6

Ысык-Кѳл облустук билим берүү институту тарабынан 14-ноябрдан 17-ноябрга чейин  электрондук тест жүргүзүу иштери ѳткѳрүлдү. Окуучулардын билим сапатын  аныктоо, билим сапатындагы  кѳйгѳйлѳрдү чечүү максатында  бардык район, шаарлардын  үчтѳн мектептеринде  8-10-класстарынан тест алынды. Тесттин суроолору орто окуучунун деӊгээлинде  беш  предметтен математика,  орус тили, кыргыз тили, тарых, физика сабагынан түзүлдү. Окуучулар бул тесттердин суроолоруна тиешелүү деӊгээлде жооп бере алышты.  Бул тест жүргүзүү иши 1-чейректин жыйынтыгы менен салыштырма анализ жүргүзүү максатында да алынды.  Учурдагы тесттин жыйынтыгы менен окуучулардын билим сапаты аныкталды.

Электрондук тестирлѳѳ  адегенде дайыма жүргүзүлуүчү  ишти анализдѳѳ, байкап кѳрүү максатында болду. Бул электрондук тест жүргүзүү мындан ары чейрек сайын ар бир  мектепте  улантылмакчы  жана тесттин суроолорун улам татаалдаштырып түзүү жагын пландаштыруудабыз. Тесттин жыйынтыгы менен чейректердин баасы коюлушу керек деген сунуш  ОББИ тарабынан киргизилүүдѳ.

— Февраль айында ѳткѳрүлүүчү облустук предметтик олимпиада  ушул форматтагы Айрен программасы менен электрондук тест  турүндѳ  ѳткѳрүү  иши пландалууда. Бул келечекте «Таза коом Санариптик  Кыргызстан»  программасын ишке ашыруу  максатында,  окуучунун реалдуу дароо аныкталуучу билим деӊгээлин кѳрѳ алабыз.  Ошондой эле билим сапаты тѳмѳн деп аныкталган мектептерге усулдук жардам кѳрсѳтүү менен ЖРТ даярдоо, предметтик олимпиадага, улуттук тест жүргүзүү борборунун тестирлѳѳсүнѳ, мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясына, «Алтын тамга» тестирлѳѳгѳ карата даярдыктарды алдын ала кѳрѳ алабыз деген ойдобуз, — дейт Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун директору Кубанычбек  Шарипов

Окуучулардын билим сапатын  аныктоо, билим сапатындагы  кѳйгѳйлѳрдү чечүү максатында  бардык район, шаарлардын  үчтѳн мектептеринде жана Т.Сатылганов атындагы облустук лицейин   8-10- класстарынан жалпы 22 мектептен  электрондук тест алынды. Тесттин суроолору орто окуучунун деӊгээлинде беш  предметтен математика,  орус тили, кыргыз тили, тарых, физика сабагынан түзүлдү. Окуучулар бул тесттердин суроолоруна тиешелүү деӊгээлде жооп бере алышты.   Учурдагы тесттин жыйынтыгы менен окуучулардын билим сапаты аныкталды.

Электрондук тестирлѳѳ  мындан ары регулярдуу түрдѳ жүргүзүлѳ тургандыктан алдын ала  иш анын жыйынтыгы боюнча  анализдѳѳ, байкап кѳрүү иштери жүргүзүлѳт. Жыйынтыгында облус боюнча окуучулар 54.4% берилген суроолорго жооп бере алышты.

Билим сапаты тѳмѳн деп табылган  райондорго билим сапатын жогорулатуу иштерин    күчѳтүү, бардык райондук, шаардык билим берүү бѳлүмдѳрү тарабынын ар бир мектепте электорондук тест жүргүзүү, чейректин баасын коюуда  электрондук тесттин жыйынтыгы эске алынсын деген сунуш киргизилди.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер

Zhumagul / 12.04.2020 17:20
Эн соонун
Aynazik / 11.04.2020 21:15
Супер
Зарина / 09.04.2020 12:03
Эн сонун тестер экен
Зарина / 09.04.2020 12:02
Тесттери же сонун Жогорку денгээде тузулуптур
Зарина / 09.04.2020 12:01
Же жакшы
asi / 05.04.2020 12:19
мен озумдун билимимди текшериш учун тест тапшырайын деп чечтим жакшы тапшырам деген ойдомун