ЭЛЕКТРОНДУК КЕЗЕК СИСТЕМАСЫ ЖАЛПЫ ИШКЕ КИРЕТ

  • 04.04.2022
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинен тартып, бөбөктөрдү бала бакчага кабыл алуу республика боюнча электрондук кезек системасы аркылуу жүрөт. Бул тууралуу бүгүн “Сейтек” балдар борборунда өткөн КР ББИМ менен райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, окуу-усулдук кааналарынын башчылары, баштапкы жана кесиптик билим берүү лицей жетекчилери жана мектепке чейинки билим берүү тармагынын кызматкерлери катышкан жыйында билдиришти.

Балдарды бала бакчага электрондук кезек системасы аркылуу кабыл алуу 2018-жылы Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунда пилоттук ыкмада киргизилген эле. 2021-жылы бул ыкма Жалал-Абад, Сүлүктү жана Чүй-Токмок шаарларында иштеди. Быйыл жалпы республика боюнча ишке ашырылмакчы.

ЭЛЕКТРОНДУК КЕЗЕК СИСТЕМАСЫ ЖАЛПЫ ИШКЕ КИРЕТ

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын айтымында, ата-энелер өздөрүнө ыңгайлуу бала бакчага балдарын үйлөрүндө отуруп эле онлайн түрүндө электрондук кезекке каттай алышат.

— Жалпыбызга маалым болгондой, электрондук каттоо этап-этабы менен киргизилип келатат. Быйылкы өзгөчөлүктөргө токтоло кетсем, мында ата-энелерге каралган жеңилдиктердин саны өскөнүн белгилөөгө болот. Алсак, бала жарым жетим же тоголок жетим болсо, беш жана андан көп балалуу үй-бүлөдө болсо, үй-бүлөсүндө майыптуулугу бар бала болсо жана ошондой эле ата-энесинин майыптыгы болсо, анда мындай балдарды бала бакчага орноштурууда жеңилдиктер каралган. Мындан тышкары, декреттик өргүүдөгү мугалимдер жана бала бакча кызматкерлери декрет мөөнөтү аяктаганда, өзүнүн кесибинде иштөөнү улантса, аларга да кезекке турууда артыкчылыктар берилет, — дейт.

Кошумчалай кетсек, балдарды бала бакчага кабыл алууда мектептегидей болуп, микроучастогу каралбайт, андыктан бала бакчада андай көйгөй жаралган жок. Ошондой эле бөлүнгөн квота боюнча бош орун болуп калган кезде, система өзү автоматтык түрдө баланы өзү киргизе алат. Ал эми мурда бала бакчанын башчысы кнопканы басышы зарыл болгон.

Балдарын бала бакчага даярдап жаткан ата-энелер кандай документтерди даярдашы керек? Ата-эненин колунда баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү, 3х4 сүрөтү, ден соолугу тууралуу маалымкат, жашаган тууралуу маалымкат тиркелген папка болууга тийиш.

Өлкөбүздө, айрыкча калк жыш жайгашкан аймактарда бала бакчанын саны жетишсиз болгондугуна байланыштуу, бала бакчага орноштуруу мурдагыдай эле чоң көйгөйдү жаратып жатканы жашыруун эмес. Андыктан министрликтин адистери ата-энелерге балдардын саны азыраак бала бакчага алып барууну сунуштайт.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер