ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО АДАМ ФАКТОРУН АЛЫСТАТАТ

  • 18.03.2022
  • 0

2022-2023-окуу жылынан баштап республиканын бардык билим берүү уюмдарына мектеп жашындагы (6-7 жаштагы) балдарды кабыл алуу «Мектепке электрондук кабыл алуу» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырылат. «Электрондук каттоо» системасын ишке киргизүүнүн негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын биринчи классына кирүүдө балдарды каттоо, эсепке алуу жана маалыматты иштеп чыгуу, ошондой эле ар бир баланын башталгыч жалпы билим алууга тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо болуп саналат.

Система үч жылдан бери апробациядан өткөн. Апробациянын жыйынтыгы менен Мектепке электрондук кабыл алуу жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Мектеп курагындагы (6-7 жаштагы) балдарды электрондук каттоо аркылуу кабыл алуу республиканын бардык билим берүү уюмдарында mektep.edu.gov.kg сайтында ишке ашырылат. Адам фактору мүмкүн болушунча алынып салынды.

Мектепке электрондук кабыл алуу жыл сайын төмөнкү график боюнча жүргүзүлөт:

— Каттоо 11-апрелде саат 9.00 баштап, 27-июнда 9.00 чейин;

— Факт боюнча жашаган жери 27-июнда саат 9.00 баштап 10-сентябрда саат 9.00 чейин.

Баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алгандан кийин, үстүбүздөгү жылдын 1-августунан 10-сентябрга чейин мектепке төмөнкү тастыктоочу документтерди берүүгө милдеттүү:

— баланын жана ата-энелеринин мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери — нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту;

— ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалым каттын түп нускасы (белгиленген формалар);

— алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалым каттын түп нускасы (белгиленген формалар);

— баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү.

Паспорттун көчүрмөсүн, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, жашаган жеринен маалым катты тиркөөнүн кереги жок. Жашаган жеринен справка талап кылынбайт.

Программалык деңгээлдеги система жарандардын төмөнкү жеңилдетилген категорияларына артыкчылык берет:

— үй-бүлөлөрүнүн жашаган жери боюнча аскер кызматчыларынын балдары;

— тиешелүү күбөлүк көрсөткөндө Кыргыз Республикасына көчүп келген жана кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары;

— үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына карата ушул жалпы билим берүү уюмунда бир жылдан кем эмес иштеген мектептердин мугалимдеринин жана кызматчыларынын балдары.

Дагы бир өзгөчөлүгү, республикадан тышкары жерде жүргөн ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр бул система аркылуу баланы мектепке каттай алат.

Мектептик курагына жеткен (6-7 жана андан жогору жаштагы) бардык балдар (КРдин жардамчы мектептерине жана класстарына кабыл алынуучу балдардан тышкары) биринчи класска алардын даярдыгынын деңгээлине карабастан, «Электрондук каттоо» системага катталуу аркылуу аныкталат.

Балдарды 1-класска кабыл алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар кандай окутуу сабактары боюнча балдардын билим деңгээлин аныктоого багытталган текшерүүлөрдү (тесттерди, экзамендерди, сынактарды, аңгемелешүүлөрдү) жүргүзүүгө тыюу салынат. Каалаган мектепте орун жок болсо, ата-эне же мыйзамдуу өкүл «Электрондук каттоо» системасы аркылуу бош орун бар мектепке катталат. Каттоого үлгүрбөй, мектепке кирүү үчүн керектүү документтерди өз убагында тапшырбай калган, ошондой эле окуу жылы ичинде көчүп келген ата-эне же мыйзамдуу өкүл бош орундар бар мектептерди тандап, «Электрондук каттоо» системасы аркылуу катталат. Менчиктин аралаш жана жеке менчик түрүндөгү жалпы билим берүү уюмдары каалоосу боюнча балдарды 1-класска электрондук каттоо процессине катыша
алышат.

 

Бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылса болот:

Кыска номер – 119

0312 988 940

0220 022 196

Бөлүшүү

Комментарийлер