ЭЛЕКТРОНДУК КҮНДӨЛҮК МЕКТЕП ТҮЙШҮГҮН КЫЙЛА ЖЕҢИЛДЕТТИ

  • 25.04.2020
  • 0

Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясы карантин убагындагы аралыктан окутууну «Edugate» компаниясы иштеп чыккан “Күндөлүк” автоматтык электрондук системасынын негизинде окуу процессин уюштурууда.

Мектеп бул системага өткөн жылы ноябрь айында эле өткөн. Башында электрондук күндөлүккө мектепте иштеген мугалимдер жана окуучулар жөнүндө маалымат киргизилип, үй тапшырмалар жана ошондой эле окуучулардын жетишүүсү, сабакка катышуусу боюнча маалыматтар ата-энелерге жеткиликтүү болуп туруу максатында киргизилген.

ЭЛЕКТРОНДУК КҮНДӨЛҮК МЕКТЕП ТҮЙШҮГҮН КЫЙЛА ЖЕҢИЛДЕТТИ

Мугалимдер жаңы электрондук системада иштөөнү окуп үйрөнүп жаткан убагы

 

Иш жүзүндө анын пайдасы биз күткөндөн да ашып түштү,-дейт мектеп директору Тынчтыкбек. — Электрондук күндөлүк эң оболу мугалимдердин ишин бир кыйла жеңилдетти. Мисалы мурда окуу завучу сабактын жүгүртмөсүн колго түзгөн болсо азыр, ар бир мугалимдин жумалык жүктөмүн, класстарын киргизип койсо, автоматтык түрдө бардык мугалимдердин расписаниелери түзүлүп калат. Ошондой эле сабактардын өтүлүшүн, окуучулардын сабакка катышын, анын ичинде канчасы ооруп, сабакты себепсиз калтырганын, сабактарды алмаштыруу, мугалимдин журнал толтуруусу бүт көзөмөлдө болуп, ар бир мугалим боюнча отчетторду чыгаруу боюнча бир топ жеңил болуп калды. Мектепте “Күндөлүк” автоматтык системасы менен иштөөнү мугалимдер тез эле өздөштүрүп кетишти”.

ЭЛЕКТРОНДУК КҮНДӨЛҮК МЕКТЕП ТҮЙШҮГҮН КЫЙЛА ЖЕҢИЛДЕТТИ

“Күндөлүк”-  мугалим, окуучу жана ата-энелер үчүн да абдан ыңгайлуу жана керектүү каражат. Анын жардамы менен ар бир ата-эне үйүндө же кызматында болобу, балдарынын сабакка катышуусун жана сабактан алган бааларын көрө алат. Бул системага өткөндөн кийин  мугалим менен ата-эненин ортосундагы байланыш жакшырды.ЭЛЕКТРОНДУК КҮНДӨЛҮК МЕКТЕП ТҮЙШҮГҮН КЫЙЛА ЖЕҢИЛДЕТТИ

Директордун айтымында, айрыкча, азыркы учурда өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу окуучуларды аралыктан окутууда “Күндөлүк” менен иштөө мугалим менен окуучунун ортосундагы бирден-бир байланыш каражаты болуп жатат. Ар бир предметтик мугалим окуучунун сабакка катышын жана аткарган тапшырмасын системадан көрүп көзөмөлгө алууда. Ошондой эле интернет булактарынан, ютубдан жана башка тармактардан алынган материалдарды жана өздөрү иштеп чыккан видео сабактарын, тесттерди ушул программа аркылуу окуучуларга түз жөнөтө алат.

Мугалимдердин айтымында, окуучулар дагы күндөлүк менен иштөөнү жакшы өздөштүрүп калышты. Ар бир окуучуга өзүнө берилген логин, парол менен киришип «Мен мында» баскычын басып, сабакка катышып жаткандыгы тууралуу билдирип, мугалимдин берген тапшырмасын аткарып, сабак учурунда түшүнбөгөн суроолорун берип, аткарган тапшырмасын кайра жөнөтүп, “Күндөлүк” системасы аркылуу кайтарым байланыш жакшы деңгээлде жүрүп жатат.

ЭЛЕКТРОНДУК КҮНДӨЛҮК МЕКТЕП ТҮЙШҮГҮН КЫЙЛА ЖЕҢИЛДЕТТИ

Edugate компаниясынын директору Балтабаев Сагындык мектептин “Сезим бий” тобунун формасына 500$ демөөрчүлүк кылды.

Бизде электрондук күндөлүк II чейректин башы менен иштеп баштады. Биздин мугалимдер дагы, окуучулар дагы бул программа менен иштеп кетишти. Албетте, башында бир аз түшүнбөгөн жерлери болуп жатты, буга мектеп директору түшүндүрүп жардамын берип жатты. Азыркы карантин маалында дагы абдан жакшы пайдасы тийип, биздин мектептин сабактары эч кандай үзгүлтүккө учурабастан, күндөлүктөгү жүгүртмө менен иштеп, кадимки сабакта олтургандай эле кайтарым байланыш абдан жакшы денгээлде жүрүп жатат”,-дейт окуу жана тарбия бөлүмүнүн башчысы Асанова Дамира.

Ал эми башталгыч класстарынын мугалими Чынасылова Асел кагаз иштерин жыйыштырып, биротоло электрондук күндөлүккө өтүүнүн убактысы келди дейт: “Электрондук күндөлүктүн көп жакшы жактары бар экен, ынгайлуу экен мугалимдерге. Мисалы: окуучулардын тапшырмасын текшергенге, сабакта жоктогонго, таршырмаларды жөнөткөнгө жакшы экен. Толук ушул күндөлүккө өтсөк жакшы болмок, берки журнал, календарндык пландар бүт ушунда болуп бир беткей болсо”.

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Илиязова Бактыгүл азыркы карантин убагында дистанттык окутууда электрондук күндөлүктүн кереги абдан тийгенин белгиледи.

“Карантин болгонго чейин бул программа менен иштеп келгендигибиз абдан жакшы болгон экен. Азыркы шартка байланыштуу  дистанттык сабак өтүүдө дагы пайдасы абдан чон болуп жатат. Окуучулар менен кайтарым байланыш түзгөнгө ынгайлуу болуп жатат. Буга катар эле алардын алган бааларын дагы өз убагында коюп берип, окуучуларга кийинки сабактарга да активдүү катышуусуна стимул берүүдө”,- деди Бактыгүл.

ЭЛЕКТРОНДУК КҮНДӨЛҮК МЕКТЕП ТҮЙШҮГҮН КЫЙЛА ЖЕҢИЛДЕТТИ

Жергиликтүү ишкер Базарбек уулу Максат Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында балдары окуган 2 үй бүлөгө интернет менен туташтырылган 2 телефон белек кылды.

Негизинен бул программанын жардамы менен  балдарга баа коюп эле тим болбостон, аларга кандай тапшырмалар берилди, жана кайсы тема бүгүн өтүлө тургандыгы тууралуу дагы маалымат берилет. Ошондой эле чейрекке канча чыга тургандыгын программа автоматтык түрдө өзү эсептеп берет. Ошол эле учурда класс жетекчилер дагы баштагыдай отчет жазбастан, предметтик мугалимдердин койгон бааларынын негизинде даяр отчетту чыгарып алышат.

Ал эми ата энелер кайсы жерде жүрсө дагы өзүнүн балдарына берилген логин, паролдун жардамы менен алардын окуусунан кабар алып турушат.

Бөлүшүү

Комментарийлер