«ЭЛЕКТРОНДУК КҮНДӨЛҮК» ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ

  • 25.02.2020
  • 0

Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев, Эсенгул Карасартов жана Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектептерде электрондук күндөлүк ишке киргизилип, учурда пайдаланылууда.

  • 11-ноябрдан тарта мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер ортосунда маалымат алмашуу процессин ылдамдатуу максатында электрондук күндөлүк пайдаланылууда. Электрондук күндөлүктө ата-энелер балдарынын жетишкендиктерин, мугалимдерин, балдары кайсы сабакта отурганын, кандай иш-чараларга катышып жатканын онлайн түрдө көрө алышат. Азыркы учурда 3 орто мектеп электрондук күндөлүккө өткөн. Калган мектептерди дагы өткөрүү пландалып жатат. Кудай буюрса, ушул окуу жылынын аягына чейин бардык орто мектептер өткөрүлөт, — дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Эсеналиев.

Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде электрондук күндөлүк ата-энелердин демөөрчүлүгү менен ишке киргизилген. Мугалимдердин бул программаны үйрөнүүсүнө кошумча каражат сарпталган эмес. Электрондук күндөлүк менен бирге мектептин сайты дагы ачылган.

Ал эми Б.Мүсүралиева атындагы орто мектеби ушул эле мектептин бүтүрүүчүсү Таалайбек уулу Арстан тарабынан 14 миң сомго электрондук күндөлүккө өткөрүлгөн. Ошондой эле Э.Карасартов атындагы орто мектеби жеке демөөрчү Жакшылык Матанов тарабынан 20 миң сомго электрондук күндөлүккө өткөрүлгөн.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер