“ЭЛДИН ЭСИНДЕ”
- 08.04.2021
- 0
Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына арналат
Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына арналат
“ЭЛДИН ЭСИНДЕ” онлайн-акциянын
ЖОБОСУ
9-Май — эмне үчүн бүткүл дүйнө элине маанилүү дата экендигин мектеп окуучулары маани берип, түшүнүү менен ойлонуп, элдин эрдигин унутта калтырбай, дайыма эскерип жүрүүлөрүн, совет элинин эрдигине таазим этип, алардын эрдиги аркылуу биз ушинтип окуп жатканыбызды, таланттарды чыгарып жана келечек жөнүндө ойлоно алаарыбызды түшүнө билүүлөрү зарыл. Мектеп окуучуларынын өздөрү жашаган өлкө менен сыймыктанышы керектигин каалайбыз.
Өткөрөт: Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору өткөрөт
Өткөрүү убагы: 2021-ж. 20-апрелинен 5-майына чейин
Максаты: Улуу Ата мекендик согуштагы Жеңиш жөнүндөгү эскерүүнү түбөлүккө калтыруу, тарыхый сабаттуулукту жана жаштарга патриоттук тарбия берүүнү жакшыртуу. Жаштардын өлкөнүн мурункусун өзүлөрүнөн өткөрүп жана азыркысына катышуусун калыптандыруу, биздин мамлекеттин аскердик-тарыхый мурасына балдардын көңүлдөрүн буруу.
Милдеттери:
- өзүлөрүнүн согушка катышкан туугандары, тылда иштеген жана согуш учурундагы балдардын тарыхый эскерүүлөрүн сактоо;
- кийинки аскердик-патриоттук иште колдонууга архив-базаны түзүп жана маалыматты чогултуу;
- балдарды аскердик-тарыхый багытында чыгармачылык ишкердикке тартуу;
- тарбиялануучулардын патриоттук жана атуулдук сезимдерин калыптандыруу.
Онлайн-акциянын шарты:
Онлайн-акцияга катышууда согуш ардагеринин, тылда эмгектенген адамдын же согуш мезгилинде төрөлгөндөрдүн эскерүүлөрүн аудио-, видеоматериал, же аңгеме, эссе түрүндө жазып жиберүү керек.
7 жаштан 17 жашка чейинки баардык облустан каалаган окуучулар катыша алышат.
Материалдарды жиберүүнүн тартиби:
Төмөнкү таблица менен жеке маалыматтарды жиберсеңиздер болот:
№ | Катышуучунун аты-жөнү, фамилиясы | Облусу, району | Окуган жери | Жашы |
— Ардагер жөнүндө материалда, ардагердин аты, фамилиясы, кандай тууган экендигин жазып жана ардагер жөнүндө биографиялык маалыматты эркин формада (жазып берген материал word до, аудио-видеоматериал 3-5 минуталык, андан көп эмес, документтердин же сүрөттөрдүн (скан) копияларын тиркеп) жиберсе болот.
— Акцияга катышуу үчүн материалдарды бул электрондук даректерге жөнөтсөңүздөр болот:
— [email protected], [email protected], консультация алуу үчүн телефондор: 0551727269, 0555130444, 0703566577
Акциянын жыйынтыгы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун сайтында www.seitek.kg жайгаштырылат.
Комментарийлер