ЭЛ УРМАТЫНДАГЫ ЖУРНАЛИСТ

  • 25.11.2022
  • 0

Баягысындай эле. Бүгүн да баягысындай. Эч өзгөргөн эмес. Ооба, аны көрүп-билгенибизден бери отуз жылдан ашык мезгил өттү. Таң калыштуусу жаш кезинде кандай болсо, азыр да дал ошондой. Көңүлүнүн аккан суудай тазалыгы, ийилген талдай өтө кичипейилдиги, күндөй жаркылдап адамды өзүнө тартып турганы, азаптуу калемгерлик ишке киришкен биринчи күндөн чалкыган бул чөйрөдө чапчаң сүзгөн балыктай эркин жана ишеничтүү кадам шилтеп, жакшы жактары менен гана көрүнүп, эл-журтуна ак кызмат кылып келет.

ЭЛ УРМАТЫНДАГЫ ЖУРНАЛИСТ

Балалык кездин суктанаарлык тунук касиетин ар дайым сактап, аны дагы терең мазмунга жеткире билүү көптүн шыбагасына буюрбаган улуу касиеттерден эмеспи. Жан дүйнөсүндө таза жана тунук сезим сакталып калган биздин Кубатты, бешенеси жарык Кубатыбызды, жооптуу журналисттик жана коомдук иштерде айырмаланган Кубат Чекировду көргөндө, чогуу болгондо, жазгандарын окуп, радио берүүлөрүн укканда, ар кимдин көңүлү көтөрүлүп, жакшы маанай жаралбай койбойт. Булар болсо өмүрдү көрккө бөлөгөн суктанаарлыктай сонун касиеттерден болуп саналат.

ЭЛ УРМАТЫНДАГЫ ЖУРНАЛИСТ

ЭЛ УРМАТЫНДАГЫ ЖУРНАЛИСТ

Шаарда ары-бери жүргөндө, гезит дүкөндөрүнө кез келип, бир саамга көз жүгүртмөй. Гезиттер да, журналдар да өтө эле арбын. Баамдасаң сатып алуучулар бирин-серин. Буга жараша гезит журналдардын нускалары да абдан аз. Бул окурмандарды кызыктыргыдай макала кабарлардын жетишсиздигинен болсо керек деп ойлойсуң…

Ушундайда кубанарлык көрүнүшкө туш болосуң. Кубат
Чекировдун, ал жетектеген гезит жамаатынын эмгегин, “Кут Билим” гезитин баалагандар көп экенине сүйүнөсүң. Кийинки 15, 20 жыл аралыгында “Кут Билим” гезити Кыргызстанда номер биринчи гезитке айланганына күбө болосуң. Гезиттин туруктуу түрдө тогуз-он миң нускада чыгып жатышы эле көптөн кабар берет. Гезиттеги тематика абдан кеңири, андагы салмактуу, кызыктуу, мазмундуу материалдарды окурмандар жактырат. Мыкты жана жаңы авторлордун дил агарткан, көздү ачкан, фактыга бай, анализи терең жана жеткилең жазылган эмгектерине орун берилип турат. Кыскасы, гезитке өз чыгармаларын сунуштагандар да, гезит окурмандарынын саны да көбөйгөндүн ичинде.

ЭЛ УРМАТЫНДАГЫ ЖУРНАЛИСТ

Кандай чыгармачыл жамаат болбосун, анын ийгилик, жетишкендиги биринчи кезекте жетекчиге, башкы редакторго байланыштуу. Бул жагынан Кубат Чекиров өзүн көрсөтүп, “Кут Билимди” окурмандары арбын мыкты гезитке айланта алды. Азыр ал биздин өлкөдөгү эң мыкты журналист, жетекчи, маалымат айдыңына өзгөчө эмгек сиңирген ишмер. Чыгармачылык иштеги ийгиликтеринин артышына жараткан берген адам суктанарлыктай эң мыкты адамгерчилик сапаттары жана ата-энесинен, чоң ата, чоң энесинен, тоолук элдин акыл-тарбияга бай жашоосунан алган сонун таасирлер көп көмөк бергенин туясың.

 Таланттуу журналист Кубат Чекиров “Кут Билимди” бийик деңгээлге көтөрүү менен бирге эле көп жылдардан бери өрнөктүү Би-Би-Си радиосунун Кыргызстан боюнча кабарчысы, редактору болуп, ар күн сайын орчундуу жаңылыктар менен окуяларды, кызыктуу маек-баяндарды ободон элге жеткирип келе жатат. Бул да анын жемиштүү эмгегинин бир багыты.

ЭЛ УРМАТЫНДАГЫ ЖУРНАЛИСТ

Ак эмгек бааланат деген ушул – үлгү болгудай тажрыйба менен көз кубанган жетишкендиктерге ээ болгон “Кут Билим” гезити башында турган өзүнчө медиа борбор түзүлүп, “Эл агартуу” журналы жана башка басылмалар бириктирилди. Анын жетекчиси, директору болуп эң жакшы иштери менен көрүнгөн
Кубат Чекировдун дайындалышы, башкы редакторлукка таланттуу калемгер Майрамбек Токторовдун бекитилиши эң туура чечим болду жана жаңы түзүлгөн медиа борбордун ишинин ийгиликтүү болоорунан эч күмөн санатпайт.

ЭЛ УРМАТЫНДАГЫ ЖУРНАЛИСТ

Журналисттер жолугушууда. Журналисттер басма сөз конференциясында. Алар окуя болгон жердеги каармандарга, расмий жетекчилерге, саясатчыларга, ишмерлерге орундуу суроо берип, омоктуу сөзгө тартып, актуалдуу маек курат. Адатта мындай окуяларда журналист жана жетекчи Кубат Чекировду учуратасың. Ал дайыма маанилүү окуялардын чордонунда. Анын окуянын жеринен уюштурган эң сонун уктуруулары көңүлгө төп келет.

Майрамдарга, белгилүү күндөргө карата мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгондордун тизмеси гезиттерге жарыяланып, теледе сөз болуп калганда, көпчүлүк мыкты журналисттер, жазуучулар бар бекен деп издеп калат. Эмнегедир сыйлангандардын ичинде эл тааныбаган, эмгеги өтпөгөн орто заарлар көп, ал эми маалымат айдыңындагы эмгеги зор Кубат Чекировду, ал сыяктуу мыктыларды тизмеден жолуктура албайт. Буга баары өкүнөт.

Кыргыздын уулу, кыргыздын адамдары кандай болуш керек десе, көпчүлүктүн урматтоосуна ээ болгон таланттуу журналист, мыкты инсан Кубат Чекировду эң алды айтаар элек. Ооба, кымбаттуу Кубат кесиптешим, кыргыздын жакшы адамы, көрүнүктүү редактор, жетекчи жана журналист катары өзүңдү сыйлагандардын ичинде биз барбыз. Ушул кубанычтуу маараке күнүңдө жетишкендиктериңе кубанып, татыктуу эмгегиң элдин жогорку баасына ээ боло берерине ишенебиз. Ишиң дагы да үзүрлүү боло берсин.

ЭЛ УРМАТЫНДАГЫ ЖУРНАЛИСТ

«Кут Билим» медиа борборунун директору Чекиров Кубат Бишкек мамлекеттик университетинин Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен Кусеин Карасаев медалы менен Кыргыз маданиятынын, журналистикасынын жана билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү ишмердиги үчүн сыйланды.

Курманбек Раматов,
журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

 

Бөлүшүү

Комментарийлер