ЭЛ МУГАЛИМИ ЖИБЕК ӨЗҮБЕКОВА АТЫНДАГЫ МУЗЕЙ АЧЫЛДЫ

  • 16.02.2022
  • 0

Токтогул Сатылганов атындагы Ысык-Көл облустук мектеп лицей интернатында, Эл мугалими Жибек Өзүбекованын музейинин  ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Мирбек Кожоев, лицей жамааты,  мугалимдер, замандаштары жана эл мугалиминин  жакындары катышты.

ЭЛ МУГАЛИМИ ЖИБЕК ӨЗҮБЕКОВА АТЫНДАГЫ МУЗЕЙ АЧЫЛДЫ

Маалыматка таянсак, ачылыш аземинен кийин атайын дайындалган илимий конференция өтүп, Жибек Өзүбекованынын билим берүү тармагына кошкон салымы айтылып, эскерүү иш-чарасына окуучулар мугалимине арналган ырларын окушту.

ЭЛ МУГАЛИМИ ЖИБЕК ӨЗҮБЕКОВА АТЫНДАГЫ МУЗЕЙ АЧЫЛДЫ

ЭЛ МУГАЛИМИ ЖИБЕК ӨЗҮБЕКОВА АТЫНДАГЫ МУЗЕЙ АЧЫЛДЫ

Белгилей кетсек, ал 1988-1991-жылдары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Токтогул атындагы орто мектепте окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген. 1991-жылдан 2000-жылга чейин Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук Т. Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатында илимий-усулдук иштер боюнча директордун орун басары, 2000-2010-жылдары мектептин директору, ал эми 2010-жылдан баштап ушул эле мектепте математика жана логика мугалими болуп эмгектенген.

ЭЛ МУГАЛИМИ ЖИБЕК ӨЗҮБЕКОВА АТЫНДАГЫ МУЗЕЙ АЧЫЛДЫ

ЭЛ МУГАЛИМИ ЖИБЕК ӨЗҮБЕКОВА АТЫНДАГЫ МУЗЕЙ АЧЫЛДЫ

— Жибек Өзүбекованын педагогикалык стажы 49 жылды түзгөн. 40ка жакын илимий-усулдук макаласы жана «Лицей — билим уясы» аттуу китеби жарык көргөн. Ишеналы Арабаев жана Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик университеттердин ардактуу профессору болгон. Ага 1992-жылы «Элге билим берүүнүн мыктысы», 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, 1998-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер», 2007-жылы «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» деген жогорку наамдар ыйгарылган, — дейт шакирти, мектеп-лицейдин директору Алтынбек Жапаров.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер