ЭЛ МУГАЛИМИ АШКАН ӨМҮР БЕЛЕСТЕРИ

  • 16.09.2022
  • 0

Кыргыз эл мугалими Султан МАМБЕТКАЛИЕВГЕ 80 жыл

Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, КРнын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, Чүй университетинин негиздөөчүсү, ректору, президенти,          белгилүү филолог Султан МАМБЕТКАЛИЕВ агайыбыз көзү тирүү болгондо быйыл  80 жашка чыкмак.

Мамбеткалиев Султан 1942-жылы Чүй областына караштуу Кегети айылында туулган. Агай Кегети орто мектебин ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин, 1961-жылы  КМУнун Кыргыз филологиясы факультетине келип кирген. Студент мезгилинин алгачкы жылдарында эле Республикалык балдар китепканасынын ага редактору болуп эмгектенген. 1968-жылы филолог-окутуучу адистигине ээ болуп, ошол эле факультетке декананттын суроосу менен окутуучулук милдетти аткарып калган. КМУнун студенттик профсоюз комитетинин төрагасы катары да ийгиликтүү иштеген.

Агай 1974-жылы КМУнун окуу бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Андан соң, 1979-жылы Жергиликтүү комитеттин төрагалыгына шайланып, факультеттин ага окутуучусу, доцент кызматын аркалаган.1989-90-окуу жылынан баштап окутуунун жаңы усулунун авторлорунун бири катары Кыргыз тилин интенсивдүү окутуу ыкмаларын пайдаланып, жайылта баштаган. Ошол эле учурда өзүнүн жаңы  усулдарынын негизинде, 1991-жылы өзүн-өзү каржылоочу “Университет” аттуу жогорку окуу жайынын республикалык борборун түптөгөн. Ушуга эле катар республикалык Жогорку колледж жана булардын негизинде бүгүнкү күндөгү Чүй университетин ачкан. С. Мамбеткалиев Чүй университетинин алдындагы Бишкек, Кара-Балта, Чолпон-Ата колледждерин, ошондой эле университеттин базасындагы үч башталгыч окуу борборлорун ачкан. 12 методикалык окуу китептин, 60тан ашык илимий эмгектин автору.

Ал 1995-жылы Кыргыз Республикасынын өзүн-өзү каржылоочу окуу жайлар ассоциациясынын президенти болуп дайындалат. 1996-жылдан баштап Чүй университетинин ректору болот. 1997-жылдан Эл аралык кадрлар академиясынын (ЭКА) жамаат мүчөсү, анын Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, Эл аралык түрк академиясынын академиги (ЭТА, Москва). 1998-жылдан КР туризм академиясынын жана ЭКАнын ардактуу профессору наамын алат. 1999-жылы КР Өкмөтүнүн токтому менен КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү тармагында кызматташуу боюнча КР ведомстволор аралык координациялык кеңештин мүчөсү болуп дайындалган. Султан агай Кыргыз Республикасынын ректорлор союзунун вице-президенти, Чүй районундагы бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын камкорчулар кеңешинин төрагасы да болгон.

Университет өз кезегинде Болон жараянына кошулууга даярдык көрүүнүн негиздүү принциптеринин бири болуп эсептелген окутуунун кредит технологиясын кабыл алуу боюнча чоң салымын кошуп келген.

1989-жылдын 23-сентябрында республикада «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган. Бул мыйзам Мамлекеттик тилди үйрөтүүдө келечектеги албан ийгиликтердин кең мейкиндигин ачкан. Ушундан улам Мамлекеттик тилди үйрөтүүгө, окутууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Ошондо Султан Мамбеткалиев Кыргыз тилин тез үйрөтүү ыкмасын алгачкылардан болуп ишке киргизүүгө шымаланып киришкен. Билим берүү системасын өркүндөтүүнүн демилгечиси, таланттуу, шыктуу педагог, алдыңкы ойлор менен жаңы иштерди жаратуучу Султан Мамбеткалиевдин демилгеси, туруктуу аракети менен башка окуу жайына окшобогон Чүй университети бүгүнкү күнгө чейин жаңы ыкмалар, усулдар  менен жогорку даярдыктагы билимдүү адистерди   окутуп, даярдап, калыптандырууда.

Ошондой эле Мамлекеттик тилибиз үчүн Султан агайыбыз ар кимге жакшы-жаман көрүнүп, күйүп-бышып, атуулдарыбыздын мекенчилдик, аруулук, сезимин, көз карашын ойготуп, бийик идеясы, бай тажрыйбасы, кенен, терең билими аркылуу эне тилин тез үйрөтүүнүн интенсивдүү ыкмасын иштеп чыгып, тилдин зоболосун, кадыр-баркын көтөрүп, алгачкы чыйыр жолду салып кеткени менен элеси дайыма биздин эстутумубузда туруктуу сакталат.

Агайыбыз Мамлекеттик тилди тез үйрөтүү усулун натыйжалуу калыптандыра алды.  Эл мугалими  өз кезегинде   Кыргыз элине,  Мекенине, эне тилине ат көтөргүс   ак кызмат кылып, журтубуздун урмат-сыйына ээ болгонго жетишти. Айрыкча филологдордун, студенттердин, окуучулардын жүрөгүнөн бекем орун алды.  

Албетте, азыркы эне тилин окутуунун, үйрөтүүнүн, колдонуунун  усулдарын туруктуу жана бекем илимий пайдубалын кургандардын арасында көрүнүктүү агайыбыз Кыргыз эл мугалими Султан Мамбеткалиев да бар экенин анын бүгүнкү  шакирттери жана усулун улантуучулары эң жакшы билишет. Бир сөз менен айтканда, илимдеги улуу көч уланууда.

Такабай АСАНАКУНОВ,   Султан Мамбеткалиев атындагы Чүй университетинин ректору п.и.к., доцент, ЧУнун пофессору

АГАЙ КАНДАЙ КИШИ ЭЛЕ? 

ИЧИНЕ КИР САКТАЧУ ЭМЕС

Бүгүнү күндө Султан агайдын шакирттери республиканын ар тармактарында мыкты адис катары эмгектенишүүдө. Агай ишке талапты бекем койгондугу, адамгерчилиги, айкөлдүгү, ак көңүлдүгү, ичине кир сактабагандыгы, жөнөкөйлүгү, кең пейилдиги менен башкалардан айырмаланып турчу. Айткан акыл-насааты эсибизде. Агай байсалдуу жолду басып  өттү. Султан Мамбеткалиевдин элине жасап кеткен эмгеги эч качан унутулбайт деген ишеничтемин.

У. Кыдыкбаева,

С. Мамбеткалиевдин шакирти, ЧУнун профессору, насаатчы

 

ЭЛ МУГАЛИМИ АШКАН ӨМҮР БЕЛЕСТЕРИАЛ ЧОҢ ИШКЕР АДАМ БОЛГОН

Султан   агай   ректор, академик эле эмес, чоң ишкер адам болгон. Ишкерлик -бул адамга берилген талант эмеспи.   Ал ишти уюштура билчү. Жетекчи катары мыкты эле. Адамдарга кылган мамилеси өзгөчө болчу. Улуу-кичүүгө урмат-сый көрсөтүп, өзүнө магниттей тартып турчу. Мамлекет кыйналып турганда өз каражатына университетке заманбап имарат куруп берди. Ошону менен бирге   жаштарды билимге, адистикке даярдоону өзүнө милдет кылып, чоң жоопкерчиликти, тобокелдикти коркпой мойнуна алгандыгы агайдын алдын -ала көрөгөчтүгү деп эсептейм. Натыйжада, Чүй университети   31 жылдан бери миңдеген адистерди даярдап жатканы жалпы элге маалым.

К. Мусаев,

Чүй университетинин доценти

                                                  

ЗАМАНДАШ БОЛГОНУМА СЫЙМЫКТАНАМ

Султан агайдын көзү өткөнүнө бир топ жыл болсо да, артында калган эмгеги аны бизге күн сайын эстетип турат. Эл акыны  А.Токомбаевдин “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” дегендей, агайдын эмгеги тарыхтан өчүрүлбөй каларын турмуш өзү далилдеп тургансыйт. Бул тууралуу айтылуучу сөздөр алдыда дагы көп. Университеттин калыптанышына жана өнүгүшүнө мен дагы колдон келген көмөктү көрсөтүп, студенттерге билим берип келем.  Менин  кесиптик жагынан өнүгүшүмө Султан агайдын салымы чоң. Улуу устат менен замандаш болуп чогуу иштешип калганыма сыймыктанам.

Г. Тойчубекова,

ЧУнун профсоюз уюмунун төрайымы, доцент

Бөлүшүү

Комментарийлер