«ЭЛ ҮМҮТҮ» СТИПЕНДИЯСЫНЫН ЭЭЛЕРИ АНЫКТАЛДЫ

  • 08.10.2026

2026–2027-окуу жылына карата өткөрүлгөн конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын 26 жараны Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына ээ болду.

Тандалып алынган стипендиаттардын 14ү биринчи окуу жылын баштаса, калган 12си экинчи жана үчүнчү окуу жылдарында билим алуусун улантышат. Студенттер дүйнөнүн эң алдыңкы ЖОЖдорунда илим, технология, билим берүү, экономика, мамлекеттик башкаруу жана саламаттык сактоо сыяктуу өлкө үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча магистратура жана PhD докторантура программаларында окушат.

Окуунун биринчи жылындагы стипендиаттар:

  • Абдумомун кызы Бурулай – Чикаго университети (АКШ), “Энергетикалык жана климаттык саясат” (магистратура);

  • Маатказиева Нази Эрнисовна – Бирмингем университети (Улуу Британия), “Компьютердик илимдер” (магистратура);

  • Сыдыкова Азиза Абдыкадыровна – Сидней технологиялык университети (Австралия), “Маалыматтар илими жана инновациялар” (магистратура);

  • Тиленбаева Айгерим Жолдошбековна – Түштүк Калифорния университети (АКШ), “Шаардык дизайн жана турак жай долбоорлоо” (магистратура);

  • Эмилев Чымбылат Эмилевич – Колумбия университети (АКШ), “Колдонмо аналитика” (магистратура);

  • Абдыкалыков Раатбек Кылычбекович – Калифорния университети (Сан-Диего, АКШ), “Бизнес-аналитика” (магистратура);

  • Памиров Кутман Жалалбекович – Лондон университеттик колледжи (Улуу Британия), “Финансы” (магистратура);

  • Абасканова Алия Таалайбековна – Амстердам университети (Нидерланды), “Эл аралык жана европалык укук” (магистратура);

  • Атабекова Бегимжан Тургунбековна – Глазго университети (Улуу Британия), “Билим берүүдө жасалма интеллект” (магистратура);

  • Даирова Айгерим Даировна – Гарвард университети (АКШ), “Билим берүү саясаты жана талдоо” (магистратура);

  • Кудаяров Чынгыз Жылдызбекович – Эдинбург университети (Улуу Британия), “Адамдын когнитивдик нейропсихологиясы” (магистратура);

  • Оморкулова Оксана Оморкуловна – Лондон экономика жана саясий илимдер мектеби (Улуу Британия), “Эл аралык миграция жана мамлекеттик саясат” (магистратура);

  • Тургунбаев Акмырза Максатбекович – Эдинбург университети (Улуу Британия), “Эл аралык мамилелер” (магистратура);

  • Стамбекова Айпери Азатбековна – Оксфорд университети (Улуу Британия), География жана айлана-чөйрө (PhD).

Окуусун улантып жаткан (2–3-жылдагы) стипендиаттар:

  • Бахавадинов Эркебай Жайнакбаевич – Сидней технологиялык университети (Австралия), “Маалыматтар жана инновациялар жөнүндө илим” (магистратура);

  • Камчыбеков Атай Максатович – Пердью университети (АКШ), “Бизнес-аналитика жана маалыматтарды башкаруу” (магистратура);

  • Нишанов Эрбол Манасбекович – Калифорния университети (Лос-Анджелес, АКШ), “Биоинженерия” (магистратура);

  • Нурбеков Азатбек Нурбекович – Чикаго университети (АКШ), “Компьютердик талдоо жана мамлекеттик саясат” (магистратура);

  • Батыргалиев Улукбек Бактыбекович – Стэнфорд университети (АКШ), “Коомдук саламаттык сактоо” (магистратура);

  • Жакшыбаева Айгерим Каныбековна – Эмори университети (АКШ), “Коомдук саламаттык сактоо” (магистратура);

  • Жолдошалиева Мира Жолдошалиевна – Батыш Австралия университети (Австралия), “Бизнес-аналитика” (магистратура);

  • Акылбеков Азамат Искакович – Копенгаген университети (Дания), “Коомдук саламаттык сактоо” (PhD);

  • Мадемилов Маамед Жолдошбекович – Копенгаген университети (Дания), “Коомдук саламаттык сактоо” (PhD);

  • Момошова Асель Кадыржановна – Кембридж университети (Улуу Британия), “Жер экономикасы” (PhD);

  • Жеенбекова Алымкан Суеркуловна – Гумбольдт атындагы Берлин университети (Германия), “Фольклористика” (PhD);

  • Абдыкадырова Света Бакытбековна – Ахен техникалык университети (Германия), “Жер жөнүндө колдонмо илимдер” (магистратура).

«Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы дүйнөлүк QS World University Rankings жана Times Higher Education рейтингдеринде алдыңкы 100 орунга кирген ЖОЖдордо билим алуу үчүн берилет. Ар бир стипендиатты каржылоо Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Президенттик программа өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана илимий-техникалык потенциалын өстүрүүгө салым кошо турган квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү