«ЭЛ ҮМҮТҮ» ДОЛБООРУНУН 2022-2025-ЖЫЛДАРДАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

  • 15.09.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы Кыргыз Республикасынын эң таланттуу жаштарына берилет. Стипендия жаңы муундагы өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошо ала турган, заманбап билимдерди жана инновацияларды экономика, илим, саламаттык сактоо жана мамлекеттик башкаруунун негизги тармактарына киргизүүгө жөндөмдүү адистерди калыптандырууга, ошондой эле илимий потенциалды өнүктүрүүгө багытталган.

«ЭЛ ҮМҮТҮ» ДОЛБООРУНУН 2022-2025-ЖЫЛДАРДАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

  1. Ал магистратура жана PhD деңгээлинде чет өлкөлүк жогорку окуу жайларда билим алууга шарт түзөт. Бул окуу жайлар QS World University Rankings, Times Higher Education рейтингдеринде дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине жана билим берүү программаларына кирет.
  2. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 10-майындагы № УП-146 «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын бекитүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, долбоордун үч жылдык ишке ашырылышынын алкагында (2022–2025-жылдар) Республикалык комиссия тарабынан талапкерлер тандалып, 37 стипендиат магистратура жана PhD программалары боюнча чет өлкөлүк окуу жайларга жөнөтүлгөн.
  3. Үч жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 37 стипендиатка магистратура жана PhD программалары боюнча каржылоо берилген:
  • 31 стипендиат — магистратура программалары боюнча;
  • 6 стипендиат — PhD программалары боюнча.

Алардын ичинен үч жыл ичинде окуусун аяктаган стипендиаттар:

  • 2022–2023-окуу жылы – 8 стипендиат;
  • 2023–2024-окуу жылы – 11 стипендиат;
  • 2024–2025-окуу жылы – 4 стипендиат.

Жалпысынан үч жыл ичинде окуусун аяктаган стипендиаттардын саны – 23. Алардын даярдыгына Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 177 747 727 сом бөлүнгөн. Бул каражаттар төмөнкү дүйнөлүк алдыңкы жогорку окуу жайларга (QS World University Rankings жана Times Higher Education рейтингдеринде алдыңкы 100дүккө кирген) билим алуу үчүн багытталган:

  1. Колумбия университети
  2. Стэнфорд университетинин билим берүү жогорку мектеби
  3. Лондон университеттик колледжи
  4. Пенсильвания университети
  5. Техас университети (Остин)
  6. Копенгаген университети
  7. Батыш Австралия университети
  8. Калифорния университети, Беркли
  9. Висконсин-Мэдисон университети (АКШ)
  10. Дьюк университети
  11. INSEAD бизнес мектеби (Сингапур)
  12. Эдинбург университети
  13. Сассекс университети
  14. Гарвард университети
  15. Корнелл университети
  16. Сеул улуттук университети
  17. Жон Хопкинс университети
  18. Карнеги Меллон университети
  19. Чикаго университети (АКШ)
  20. Миннесота университети
  21. Оксфорд университети (Улуу Британия)
  22. Бостон университети (АКШ)
  23. Лейден университети (Нидерланддар)
  24. Гумбольдт университети (Берлин)
  25. Вена техникалык университети (Австрия)
  26. Кембридж университети (Улуу Британия)
  27. 2022–2023-окуу жылына Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» стипендиясына 13 талапкер катталып, алардын ичинен Республикалык комиссия 8 (сегиз) стипендияны бекиткен. Бул стипендиялар Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан каржыланган.

2022–2023-окуу жылындагы стипендиялар:

№ Ф.И.О. Университет Деңгээли / программа

1 Кадырованын Айдай Кадыровна Колумбия университети Магистратура «Мамлекеттик башкаруу»

2 Нурланбекова Мээрим Нурланбековна Стэнфорд университети, билим берүү жогорку мектеби Магистратура «Окутуу, дизайн жана технология»

3 Шаршенова Альбина Уранбековна Колумбия университети Магистратура «Ишкердик башкаруу (өнүгүү практикасы)»

4 Кожомкулова Айсулуу Жоомартовна Лондон университеттик колледжи Магистратура «Башкаруу, технология жана саясат»

5 Жумашова Ырысбу Жумашовна Пенсильвания университети Магистратура «Экологиялык изилдөөлөр»

6 Кирбашева Зинат Эсенамановна Пенсильвания университети Магистратура «Юриспруденция»

7 Эдилбаев Алмаз Айдарбекович Техас университети (Остин) Магистратура «Бизнес башкаруу»

8 Исаева Эльвира Жумакалыевна Копенгаген университети PhD «Коомдук саламаттык сактоо»

  1. 2023–2024-окуу жылына «Эл үмүтү» стипендиясына 41 талапкер катталып, алардын ичинен Республикалык комиссия 1-окуу жылы үчүн 11, 2-окуу жылы үчүн 4 стипендияны бекиткен. Жалпысынан 15 стипендия каржыланган.

2023–2024-окуу жылындагы стипендиялар:

№ Ф.И.О. Университет Деңгээли / программа

1 Асаналиева Адель Бакытовна Батыш Австралия университети Магистратура «Биомедициналык илимдер»

2 Асанова Салия Белековна Калифорния университети, Беркли Магистратура «Маалымат башкаруу жана системалары»

3 Кылычбеков Салижан Кылычбекович Висконсин-Мэдисон университети (АКШ) Магистратура «Физика жана кванттык эсептөөлөр»

4 Тураткан кызы Жанылай Дьюк университети Магистратура «Маалымат боюнча интердисциплинардык илимдер»

5 Ибраимов Чынгыз Анарбекович INSEAD бизнес мектеби (Сингапур) Магистратура «Бизнес башкаруу (MBA)»

6 Сташевская Валерия Алексеевна Эдинбург университети Магистратура «Бизнес-аналитика»

7 Абабакиров Нуршат Абдисаламович Колумбия университети Магистратура «Мамлекеттик башкаруу (SIPA)»

8 Абдинабиева Сапаргүл Абдинабиевна Сассекс университети Магистратура «Айлана-чөйрө, өнүгүү жана саясат»

9 Камчыбекова Мээрим Камчыбековна Гарвард университети Магистратура «Дизайн, инновация жана технология»

10 Якубжанова Хилола Оманжановна Корнелл университети Магистратура «Мамлекеттик башкаруу»

11 Аширмаматов Исламбек Сеул улуттук университети PhD «Фармацевтикалык илимдер»

  1. 2024–2025-окуу жылына «Эл үмүтү» стипендиясына 149 талапкер катталып, алардын ичинен Республикалык комиссия 1-окуу жылы үчүн 18, 2-окуу жылы үчүн 6 стипендияны бекиткен. Жалпысынан 24 стипендия каржыланган.

2024–2025-окуу жылындагы стипендиялар:

№ Ф.И.О. Университет Деңгээли / программа

1 Абдурахманова Аселя Келдибековна Жон Хопкинс университети Магистратура «Коомдук саламаттык сактоо»

2 Жолдошалиева Мира Жолдошалиевна Батыш университети (Австралия) Магистратура «Бизнес-аналитика»

3 Канатова Мээрим Канатовна Пенсильвания университети Магистратура «Окутуу илимдери жана технологиялары»

4 Карыбекова Айгерим Жеңишбековна Колумбия университети Магистратура «Технология менеджменти»

5 Курманбекова Айгерим Курманбековна Калифорния университети, Беркли Магистратура «Маалымат башкаруу жана системалары»

6 Торогулова Асел Шерикбековна Карнеги Меллон университети Магистратура «Интеграцияланган инновациялар»

7 Турумбекова Турсунай Алмазбековна Дьюк университети Магистратура «Маалымат илимдери»

8 Аязбаев Ислам Марсович Чикаго университети Магистратура «Мамлекеттик саясат»

9 Кыдырова Элида Бекназаровна Миннесота университети Магистратура «Социалдык илимдер жана менеджмент»

10 Стамбекова Айпери Азатбековна Оксфорд университети Магистратура «Айлана-чөйрөнүн өзгөрүшү жана башкаруу»

11 Таджибаева Севара Талипжановна Гарвард университети Магистратура «Дизайн, инновация жана технология»

12 Ырысбекова Нуржамал Ныязалиевна Бостон университети Магистратура «Долбоорлорду башкаруу»

13 Осмонова Алина Арслановна Чикаго университети, Харрис мамлекеттик саясат мектеби Магистратура «Экономикалык саясат»

14 Кыдырова Жибек Сатындыевна Лейден университети Магистратура «Мыйзам жана маалыматтык технологиялар»

15 Жеенбекова Алыскан Суеркуловна Гумбольдт университети (Берлин) PhD «Фольклористика»

16 Канатбекова Мээржан Канатбековна Вена техникалык университети (Австрия) PhD «Кванттык эсептөөлөр»

17 Кылычбеков Салижан Кылычбекович Оксфорд университети PhD «Кванттык программалоо»

18 Момошова Асель Кадырановна Кембридж университети PhD «Жер экономикасы»

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер